БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ

  • 29.02.2020
  • 0

     Тарых, адам жана коом предмети боюнча 9-класстарга сунушталат.

Сабактын максаты: окуучу балдар өз укуктарын билишет жана Балдардын Укугу Конвенциясы, Балдар Кодекси жөнүндө түшүнүк алышат. Билимдерин жашоо-турмушта колдонууну үйрөнүшөт.

БАЛДАРДЫН  УКУКТАРЫ

Негизги компетенттүүлүк үчкө бөлүнөт:

  • Маалыматтык.
  • Социалдык — коммуникативдик.
  • Өзүн өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү.

Ал эми предметтик компетенттүүлүк да үч топтон турат:

  • Жарандык-укуктук.
  • Коомдук-саясий жана экономикалык.
  • Социалдык-коммуникативдик.

Күтүлүүчү натыйжалар:

А. Окуучулар балдардын укуктары, милдеттери жана балдар укугу тууралуу конвенция, балдар кодекси жөнүндө билишет.

Б. Окуучулар билгендерин эркин айтышат. Балдардын милдеттерин жана укуктарын эркин жайылта алышат.

В. Окуучулар бири-биринин эркиндиги менен укугун баалоого жана урматтоого тарбияланышат.

Көрсөткүчтөр:

Натыйжага жете алат: эгерде окуучу балдардын укуктарын, милдеттерин, Балдар укуктарынын Конвенциясын жана Балдар Кодексин так билсе.

Натыйжага жете алат: эгерде окуучу өз оюн далилдүү айтып берүүгө калыптанса, теманы кунт коюп укса, ойлонуусу терең болуп, кызыгуусу артып жаңыланса.

Натыйжага жете алат: эгерде окуучу мыйзамдарды билип урматтаса, алган билимин турмушта так колдоно алса, укуктарын билип далилдесе.

Сабактын милдети: когнитивдик же таанып билүү, ишмердүүлүк жана баалуулук.

Мазмундуу тилке: 9. 1. 3. 3.

Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү.

Сабакта колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: интерактивдүү, аралаш сабак.

Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: окуу китеби, сүрөттөр, компьютер, проектор, интерактивдүү доска ж.б. “Мамлекет жана укук негиздери” китеби, автору Ө. Б. Саалаев. “Адам жана коом” китеби, автору К. Эсенканов.

Сабакта колдонулган программалар: Повер Поинт, Санва, Кахут, мугалимдин калькулятору.

Сабактын жүрүшү. Сабактын этаптары:

  • Мотивация уюштуруу, шыктандыруу.
  • Теманы жана күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоо.
  • Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү.

Буларга 2-3 мүнөттөн, акыркысына 4-5 мүнөт убакыт кетет.

Биринчи этапта сабакты уюштуруу жана жагымдуу маанай тартуулоо сунушталат. Б. Шыктандыруу. В. Окуучуларга макалдарды улап кетүү шарты менен таратмалар берилет. 1. Агайыңдын кадырын жалалуу болгондо билерсин, ата-энеңдин кадырын балалуу болгондо билерсин. 2. Акылдуу бала элпек, акылсыз бала тентек. 3. Бешиктеги баланын бек болорун ким билет? 4. Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу. 5. Балаңды өзүм дебе, эрке багып. Таратмалар түсү боюнча топторго ажыратылат.

Окуучулардын иш-аракети: 1. Мугалим менен бирге жагымдуу маанай түзүүгө катышат. 2. Мугалим берген макалды улап кетет. 3. Таратмалар боюнча топко бөлүнүп отурушат.

Балдардын билим деңгээли негизги жана предметтик компетенттүүлүк критерийлери боюнча бааланат. Окуучуларды кызыктырып “азаматсыңар”, “дагы эмнени билесиңер” деген сыпаттама айтылып баа коюлат.

Теманы жана күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоодо окуучулар:

  • 1. Тема жана анын максаты менен таанышышат.
  • 2. Доскага илинген плакаттардан кыскача түшүндүрмө берилет.
  • 3. Тема окуучулар менен бирдикте талкууланат.

Окуучулардын иш-аракети:

  • 1. Көргөзмө боюнча ойлорун ортого салышат.
  • 2. Мугалим менен бирдикте тема тандашат.
  • 3. Ошондой эле ал темага максат коюшат.

Үчүнчү этапта жаңы тема боюнча фактылар аргументтештирип айтылат.

Окуучулардын иш-аракети:

  • 1. Жаңы маалыматты кабыл алышат.
  • 2. Окуучулар өз ойлору менен бөлүшүшөт.
  • 3. Топторго ат коюп иштешет жана “максатка жетүү” оюнун ойношот.

Мындан соң бир жолу эс алуу мүнөтү берилет.

Интерактивдүү көнүгүүлөр сабактардын борбордук бөлүгү болуп 2-3 мүнөткө созулат. Окуучулар слайдда дүйнөдөгү балдардын эмгегин пайдаланган мамлекеттерди көрүшөт. Андан кийин мугалим окуучуларга онлайн тест берип, балдар тестти топ менен иштешет. Ар бир тесттин туура жообуна 1 балл берилет.

Сабактын жыйынтыктарын чыгарууга 5-6 мүнөт бөлүнөт. Анда теманы дагы да бышыктоо үчүн кошумча төмөнкүдөй суроолор берилет:

  • 1. Бириккен Улуттар Уюмунун негизги штабы каерде?
  • 2. Ратификация деген эмне?
  • 3. Балдардын укуктары конвенциясы качан кабыл алынган?
  • 4. Декларация деген эмне?
  • 5. Балдар укугу Конвенциясын Кыргызстан качан ратификациялаган?
  • 6. Преамбула деген эмне?
  • 7. Укук деген эмне?
  • 8. Балдар кодекси качан кабыл алынган?

Баалоо учурунда үч топко үч куржун бөлүнүп, тогуз коргоолдун коргоолдорун жыйнашат. Соң үй тапшырмасы берилет. Мугалим ар бир окуучунун аракетин өзүнчө сыпаттама менен белгилеп, ар бир топту чүкө, тогуз коргоол, топ таш менен баалайт. Балдардын жыйнаган упайлары боюнча жыйынтык чыгарылат.

Окуучуларга үйгө балдардын укуктары жөнүндө эссе жазып келүүгө тапшырма берилет. Мындай усулдук ыкма баланын ой жүгүртүүсүн арттырып баамчыл, билимдүү жана маданияттуу болууга үндөйт.

Батма  Абжапарова,   Кадамжай мектеп-лицейинин тарых, адам жана коом сабагынын мугалими

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер