БАЛДАРДЫН ТИЛИНДЕ ЖАЗЫЛГАН КИТЕПТЕР КӨРКӨМ ОКУЛДУ

  • 22.04.2021
  • 0

Бишкек шаарындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 4-«д» классында 23- апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата «Окуу керемети» долбоорунун алкагында класстык саат өтүлдү.

БАЛДАРДЫН ТИЛИНДЕ ЖАЗЫЛГАН КИТЕПТЕР КӨРКӨМ ОКУЛДУ

Мектеп-лицейдин 4-«д» классында китептин жаш достору арбын. Балдар-кыздар окуу китептеринен тышкары аңгеме-жомокторду, адабий китептерди окууну адатка айлантышкан. Мектеп китепканасынан китеп алып, аны өз убагында кайтарып берүүнү унутушпайт.
Анткени кызыктуу китептерди башкалар да окуй турганын жакшы билишет.
Ай сайын эжейи менен борбордогу К.Баялинов атындагы өспүрүмдөр китепканасына барып, жаңы чыккан адабияттар менен таанышып турушат.

— Бүгүн 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата ЮСАИДдин «Окуу керемет» долбоорунун алкагында класстык саат өттүк.
Окуучулар топ-топторго бөлүнүп, жаңыдан жарык көргөн китептерден үзүндүлөрдү көркөм окуп, кыска-нуска жазылган ыр саптарын кыйналбай жатка айтышты, — дейт бул китепкөй балдардын эжейи, 4-«д» классынын куратору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гүлүмкан Асанкадырова.

Нурзат Казыбекова, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер