БАЛДАРДЫН ӨНӨР МАЙРАМЫ

  • 12.04.2018
  • 0

Токтогул Сатылганов атындагы №69 гимназия окуу-тарбия комплексинин окуучулары “Устат-Шакирт”  борбору менен биргеликте Бишкек шаарынын 140 жылдыгына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Улуттук филармонияда чоң программадагы концерт тартуулашты.

БАЛДАРДЫН ӨНӨР МАЙРАМЫ

Иш-чарага Жогорку Кеңештин, Шаардык Кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, мектеп жетекчилери, ата-энелер катышышты.

Концертте жалпы 600гө чукул окуучу өз өнөрлөрүн тартуулашып, кыргыздын улуттук аспаптарында кол ойнотушуп, бий бийлешип, дастан айтышып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарышты. Өзгөчө Ч.Айтматовдун бардык чыгармаларынын бир бүтүндүктө сахналаштырылышы көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, иш-чаранын көркүн ачты. Концерттин соңунда алты жүзгө чукул баланын сахнага бир чыгып, алгач 115 темир ооз комузчунун черткен күүсүн 270 комузчунун улаганы залда отурган көрүүчүлөрдү толкундантпай койгон жок.

  • Көчмөндөр оюнунда миң комузчу чыгып “Маш ботойду” черткенде кандай толкундасак, азыр дагы ошондой толкунданып жатабыз. Чоң сахнада ушундай концерт койгон бир дагы мектеп болгон эмес. Андыктан мектептин жетекчилигине, окуучуларга жана алардын ата-энелерине, “Устат-Шакирт” борборуна, демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирип, чоң рахматыбызды айтабыз, — деди Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев.

БАЛДАРДЫН ӨНӨР МАЙРАМЫ

 Аталган гимназияда сабактан тышкары спорт, ден соолук, эстетика багытында жалпы 27 ийрим иш алып барат. Ийримдер гимназия компонентинин эсебинен 5-11-класстардын окуучуларына акысыз өткөрүлөт.

Спорт багытындагы ийрим шахмат,  тогуз коргоол, волейбол,  футбол, кикбоксинг боюнча окуучуларды тарбияласа, ден соолук багытындагы ийрим окуучуларды алгачкы медициналык жардам бергенге үйрөтөт.

Эстетика багытындагы ийримде темир ооз комуз, комуз, дастанчылык, вокал, хор, визажист,  жаш сүрөтчү, гитара, бий (заманбап, элдик, вальс), актердук чеберчиликке үйрөткөн ийримдер жана фольклордук ансамбль иш алып барат.

Ийримдерди спорттун мастерлери, Маданиятка эмгек сиңирген мыкты кызматкерлер, Кыргыз улуттук консерваториянын, Кыргыз мамлекеттик искусство университетинин окутуучулары жетектешет.

Окуучулар сабакка чейин жана сабактан кийин атайын түзүлгөн жадыбалдын негизинде ийримдерге катышышат.

БАЛДАРДЫН ӨНӨР МАЙРАМЫ

«Устатшакирт» борбору байыртадан бери атадан балага өтүп келген нукура салттык өнөрдү колдоо, учугун улап, кийинки муунга таркатуу, заманбап ыкмаларды колдонуу менен келечектин угармандарын даярдоо максатында республиканын бардык региондорунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп, орто мектептер жана гимназиялар, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар менен терең кызматташып келет. Борбор түзүлгөндөн тартып семинар, интерактивдик тренинг, мастер-класс, концерт, лекция, факультативдик жана башка туруктуу негиздеги сабактар аркылуу 10000 окуучу, 500дөн ашык музыкант, жүздөн ашык студент жана мектеп мугалимдерди окутту. Алардын катарында Бишкектеги №69 гимназия окуу-тарбия комплексинин окуучулары, мугалимдери дагы бар. Филармонияда өткөн концерт дагы дал ушул борбордун устаттарынын жардамы аркасында эң жогорку деңгээлде өттү.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер