«Балдардын коопсуздугу, аң-сезимдүүлүк жана жыныстык тарбия» темасында вебинар өтөт

  • 04.06.2020
  • 0

 

 

"Балдардын коопсуздугу, аң-сезимдүүлүк жана жыныстык тарбия" темасында вебинар өтөт

 

«Балдардын коопсуздугу, аң-сезимдүүлүк жана жыныстык тарбия» темасында вебинар өтөт

 

Онлайн Университетинин Балдар жана ата-эне лабораториясы 4-июнда саат 17:00дө «Балдардын коопсуздугу, аң-сезимдүүлүк жана жыныстык тарбия» темасында вебинар өткөрөт.

 

Вебинарда жыныстык тарбия деген эмне, эмне үчүн балдар, өспүрүмдөр жана жаштар менен бул темада сүйлөшүү маанилүү? Балдардын коопсуздугун жогорулатуу жана үй-бүлө курууда аң сезимдүүлүктү калыптандырууга кантип жардам бере алабыз? Кыргыз маданиятында жыныстык тарбиянын орду барбы? Маданиятыбызга ылайык жыныстык тарбияны кантип бере алабыз? деген суроолор талкууланат.

 

Вебинардын спикери Гульмира Алдакеева 2005-жылы АУЦАдан маданий жана коомдук антропология боюнча бакалаврды бүтүрүп, Германияда Байройт Университетинде ушул эле адистик боюнча магистратураны аяктаган. Чыгыш Африкада Нигер мамлекетинде молдолордун жашоосу жөнүндө изилдөө жүргүзгөн. Учурда медицина кызматкери катары окуусун улантып жатат.

Эске салсак, Онлайн Университетинин Балдар жана ата-эне лабораториясы муундар арасындагы байланыштар, үй-бүлө, ата-эне, балдар маселелери, анын ичинде балдарды китепке, искусствого кызыктыруу жана технология заманында балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тарбия берүү маселелери боюнча кеңеш берүү максатында түзүлгөн.

 

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

 

Ютуб: https://www.youtube.com/channel/UCCxjXfD5x3Se5hI_GVM-t7g

 

Вебинардын шилтемеси:

https://zoom.us/j/92367192268

 

Конференциянын идентификатору: 937 5169 3078
Паролу: 408544

 

#ҮйрөнүүнүҮйрөн

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер