БАЛДАРДЫН КИТЕПКЕ БОЛГОН КЫЗЫГУУСУН ОЙГОТОЛУ

  • 21.05.2020
  • 0

22-майда саат 17.00дө Онлайн Университети платформасынын Балдар жана ата-эне лабораториясы «Балдардын китепке кызыгуусун ойготуу» аттуу пайдалуу жана кызыктуу вебинар өткөрөт.  

БАЛДАРДЫН КИТЕПКЕ БОЛГОН КЫЗЫГУУСУН ОЙГОТОЛУ

Анда спикерлер Германияда жашаган Гүлмира Алдакеева жана АКШда жашаган Гүлжан Исраил балдарын кантип китепке кызыктырып, кантип китеп сүйүүчүлөрдү тарбиялап жаткандыгы тууралуу айтып берип, тажрыйбалары менен бөлүшөт жана ал тажрыйбаларды Кыргызстанда кантип колдонсо боло тургандыгы тууралуу ойлорун ортого салышат.

Вебинардын шилтемеси:

https://zoom.us/j/94946383626?pwd=cHMzL2ltVUNpb1pNOWxOT0VHQldNQT09

конференциянын идентификатору: 949 4638 3626

Паролу: 225628

Белгилей кетсек, “Онлайн университети” платформасынын Изилдөө усулдары лабораториясынын вебинарлары мындан ары да улантылып, илимий журналдарды тандоо, финансылык пайда көздөгөн журналдарга алданып калбоо, актуалдуулугу жогору илимий темаларды аныктоо, изилдөө этаптары жана жалпы эле академиялык жазуунун талаптары тууралуу илимдеги маанилүү темаларда вебинарлар сериясын улантат. 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер