БАЛДАРДЫН АШКАНАСЫ АР ДАЙЫМ ДААМДУУ БОЛСУН!

  • 03.02.2023
  • 0

Токмок шаарындагы төрт мектептин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн ысык тамак бериле баштады.БАЛДАРДЫН АШКАНАСЫ АР ДАЙЫМ ДААМДУУ БОЛСУН!

2-февралдан баштап Токмок шаардык мэриясынын, Мерси Ко эл аралык уюмунун жана ата-энелердин колдоосу менен №6, №7, №8 жана №12 орто мектепте башталгыч класстын балдары үчүн ашканалар иштеп баштады.

Башталгыч класстын окуучуларына ысык тамактарды даярдаган ашкананын салтанаттуу ачылышына Токмок шаарынын мэриясынын адистери, ата-энелер, эл аралык уюмдун өкүлдөрү ж.б. катышып, балдарды өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүп жаткандарга ыраазычылыктарын билдиришти.

БАЛДАРДЫН АШКАНАСЫ АР ДАЙЫМ ДААМДУУ БОЛСУН!

Маалыматка ылайык, №6 орто мектептен — 620 окуучу, №7 орто мектептен — 540 окуучу, №8 орто мектептен — 425 окуучу жана №12 орто мектептен — 500 окуучу эми мындан ары бир маал даамдуу ысык тамак-аш ичип турмакчы. Тамак-аш азыктары менен Токмок шаардык мэриясы, Мерси Ко эл аралык уюму камсыздаса, керектүү идиш-аяктарды ата-энелер сатып берди.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер