БАЛДАРДЫН АДАБИЙ ЧЫГАРМАЛАРЫ БОЮНЧА СЫНАК БАШТАЛДЫ
- 11.08.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия «2026–2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү» программасын ишке ашыруунун алкагында маанилүү сынак жарыялады.
Ага ылайык, 3–12 жаштагы балдар үчүн кыргыз, орус жана англис тилдерин камтыган музыкалык, түстүү басылмаларды (балдар ырларын) тандап алуу иштери башталды.
Сынактын негизги максаты
Мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жана заманбап, сапаттуу мазмундагы басылмаларды үч тилде даярдоону колдоо.
Кенже курактагы балдардын мамлекеттик тилди өздөштүрүүсүнө көмөк көрсөтүү, кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатуу.
Улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды жана оюндарды камтуу менен балдардын сөз байлыгын өстүрүү, үй-бүлөлүк окууну колдоо.

Катышуучуларга коюлган талаптар
Сынакка балдар адабиятынын авторлору, илимий кызматкерлер жана басма үйлөр катыша алышат. Сунушталуучу эмгектер төмөнкү шарттарга жооп бериши тийиш:
Эмгек алгач кыргыз тилинде жазылууга тийиш.
Жалпы ырдын саны 30 болуп, ар бир ыр 2–3 куплеттен кем эмес болуусу шарт.
Ырлардын үчтөн бир бөлүгүнүн обону болуп, YouTube каналына жүктөлгөн QR-код шилтемеси көрсөтүлүшү керек.
Бардык 30 ырдын орус жана англис тилдериндеги котормолору камтылууга тийиш.
Сапаттуу иллюстрациялар менен коштолуп, басууга толук даяр абалда сунушталышы кажет.
Сынакты өткөрүү мөөнөтү жана этаптары
Сынак эки этап менен өткөрүлөт:
I этап (10.08.2026 – 24.08.2026): Документтерди жана чыгармаларды кабыл алуу.
II этап (24.08.2026 – 03.09.2026): Техникалык кароо жана эксперттик комиссия тарабынан мазмундук баалоо.
Талап кылынуучу документтер
Сынакка катышуу жөнүндө арыз.
Чыгарманын электрондук жана басма варианты.
Чыгарманын кыскача аннотациясы жана автор жөнүндө маалымат.
Автордук укук боюнча кепилдик кат.
Юридикалык жактар үчүн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
Байланыш маалыматтары
Дареги: Бишкек ш., Чүй проспекти – 265 а, КР УИА, 3-кабат (Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия).
Телефондор: (0312) 64 10 95, 0553 653 501.
Электрондук почта: [email protected]
Расмий сайт: mamtil.gov.kg
Комментарийлер