БАЛДАРДЫ ӨТКӨӨЛ КУРАКТА КИМ УГАТ?
- 07.06.2023
- 0
1-июнь, — Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында чакан изилдөө өттү. Ага ылайык, эң орчундуу көйгөй катары- өспүрүмдөрдүн психикалык жана физиологиялык жетилүүсү жана инсан катары калыптануусу учурунда пайда болгон тобокелчиликтер ата-энеси, мугалими, медициналык жана социалдык жумушчу тарабынан өз убагында аныкталбай, өспүрүмдөргө ишеничтүү булактардан керектүү маалымат, насаатчылыктын жетишсиздиги бар экени аныкталды. Колдоого эң муктаж болуп турган учурда өспүрүмдөргө насаатчылык берген мекемелердин жоктугу, ата-энелери эмгек миграцияда болгондугу же ата-энесинин карамагында болуп туруп, бирок өспүрүмдөр чалдыккан көйгөйлөр тууралуу түшүнүккө ээ болбогондуктан, өз-ара түшүнбөстүктөргө жана өспүрүмдүн үй-бүлөсүнөн, коомчулуктан алыстай берүү коркунучу бар экени аныкталды.
Бул көйгөйдү алдын-алуу жана чечүү максатында “Жаңы-алай, Гүлчө жана Сары-Могол айылдарынын тургундары үчүн өспүрүмдүн өткөөл курактагы тобокелчиликтерди алдын алуу жана өспүрүмдөрдү ар тараптан колдоо долбоору ишке ашырылды. Аталган долбоор 2022-жылдын июнь айынан, 2023-жылдын июнь айына чейин уланып, өспүрүм жана ата-энелерге багытталган эки окутуу программа иштелип чыкты.
Окутуу программалар өспүрүмдөр чалдыккан тобокелчиликтерди аныктоого багытталган алдын-ала изилдөөлөрдүн жыйынтыгында өткөрүлдү.
“Бүгүнкү учурда ата-эне менен өспүрүм баланын ортосунда ачык мамиле жок, өспүрүмдө болуп жаткан психологиялык, физиологиялык өзгөрүүлөрдү, тобокелчиликтерди сүйлөшпөйт ошондуктан өспүрүмдөр ар кандай абалга туш болушат да өздөрүн ата-энеден, досторунан коомчулуктан алыстап, түнт болуп, кээ бир учурда өздөрүн керексиз сезип өз өмүрүнө кол салган учурлар да болгон.” – деди долбоордо катышкан фасилитатор Мидинов Алмазбек.
Аныкталган көйгөйлөрдү чечүү аракетинде “Өспүрүмдүн өнүгүү жолу” аттуу программа иштелип чыгып, ал төрт компоненттен турат:
- Орток кызыкчылыктарга ээ болгон өспүрүмдөр үчүн коопсуз онлайн жана офлайн мейкиндик түзүп берүү
- Өспүрүм балдар жана кыздар үчүн кыймыл аракет жана спортко машыгуу үчүн коопсуз аянтчаларды камсыздоо
- Гендердик теңчилик жана өспүрүмдөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен дени сак жашоо образын жайылтуу
- Ата-эненин өспүрүмдү угуп жана түшүнүп, ошого жараша мамиле кылуу тарбиясын жайылтуу
Аталган компоненттерди ишке ашыруу максатында үч ресурстук борбор ачылып, 312 өспүрүм жана 76 ата-эне эки окутуу программадан өтүштү.
Өспүрүмдөр жүрүм-турум маданияты, психикалык ден-соолука кам көрүү, дени сак жашоо образы, туура тамактануу, репродуктивдүү ден соолук жана коомчулукка аралашуу көндүмдөрдү өнүктүрүү тармагында 24 фасилитатор, мугалимдер, медицина жана социалдык кызматкерлер тарабынан окутулду.
Ата-энелер өспүрүмдөрдүн психикалык ден соолугу, өспүрүмдөр менен баарлашуудагы стрестен арылуу, өспүрүмдөрдүн тобокелчиликтерин алдын алуу, смартфондон көз карандуу болуп калуу жана өспүрүмдөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруудагы талаптар боюнча атайын окутуудан өтүштү.
“Мурда 13 жаштагы кызымдын өткөөл курагы келгенде жүрүм-туруму өзгөрүп, мен катуу мамиле жасайт болчумун. Окутуудан кийин кызыма болгон мамилем өзгөрүп, мен кызымдын психикалык, эмоционалдык жана физиологиялык жактан өзгөрүүлөрдү башынан өткөзүп жаткан кыйын учурда экенин түшүндүм. Азыр кызымдын суроо, талаптарына башкача көңүл буруп, түшүнүктүүлүк менен мамиле кылгандыктан, кызым дагы өз каалоо, көйгөйлөрүн айтып калды.” – деди долбоордо катшыкан ата-эне Эргешова Кантайым.
Программа Ага Хан Фонду менен USAIDдин биргелешкен “Жергиликтүү өнүгүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Комментарийлер