БАЛДАРДЫ ПОЗИТИВДҮҮ ТАРБИЯЛАЙЛЫ

  • 02.02.2023
  • 0

2023-жылдын 1-февралында Нарын районундагы Жекшенбек Мамбетов атындагы орто мектебинде «Балдарды позитивдүү тарбиялоо» деген темада семинар-тренинг болуп өттү. Семинардын жүрүшүндө “Ата-энелер менен балдардын муктаждыктары жана укуктары” деген темада сабак өтүлдү.

Сабактын максаты:БАЛДАРДЫ ПОЗИТИВДҮҮ ТАРБИЯЛАЙЛЫ

• “Позитивдүү ата-энелик” курсу жана анын иштөө ыкмалары менен тааныштыруу;

• Курстун катышуучуларына жагымдуу жагдайды түзүү менен топтун катышуучуларын эмоциялык жактан биргелештирүү;

• Балдарды тарбиялоодо үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу ой жүгүртүүгө түрткү берүү.

Ошондой эле ата-энелер кластер түзүп, сүрөт тартып жана балдарынын мүнөзүн, каалоолорун аныктаганга үйрөндү. Мектептин социалдык педагогу Р.Токтогалиева, Эмгек-Талаа айыл аймагынын социалдык кызматкери Ж.Жумабекова жана социалдык адис Э.Жусубалиевалар алып барды. Тренингде үй-бүлөлүк баалуулуктар, балага туура тарбия берүү, тарбиялоо стилдери ж.б. жөнүндө талкуулар болуп ата-энелер активдүүлүгүн көрсөтүштү.

А.Асаналиева “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер