БАЛДАРДЫ ООРУДАН САКТАЙЛЫ
- 07.06.2023
- 0
Нургиза Искенова жана 1-типтеги кант диабети менен ооруган кичинекей балдар тобу “Эл аралык балдарды коргоо күнүнө” карата диабет балдарга жана алардын ата-энелери үчүн II оюн-зоок-маалыматтык “Diabet Party” иш-чарасын өткөрүштү.
Иш-чаранын максаты — кант диабети менен ооруган дарыгерлерди, ата-энелерди жана балдарды чогултуп, илдетке каршы чогуу күрөшүү. Алардын позитивдүү жашоосуна дем берүү, дайыма позитивдүү эмоционалдык маанайда болууну үйрөтүү.
1-типтеги кант диабети бүгүнкү күндө айыккыс оору болуп саналат. Бул оору жаш балдарды, өспүрүмдөрдү жана жаштарды жабыркатат. Бир гана Бишкек шаарын алсак, 18 жашка чейинки 666 бала бул оорунун түрү менен ооруп, майып балдардын катарына киришет. Жалпы республикада 1-типтеги кант диабети менен ооруган балдардын саны 1000ге жетет. Аталган оору тамактанууну такай көзөмөлдөөнү, кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөөнү, инсулинди күнүнө 10-15 жолудан алууну талап кылгандыктан, балдар ата-энесинин коштоосуз иш-чараларга катышуудан баш тартууга аргасыз болушат.
«Диабет кечеси» майрамында эндокринологдорго ыраазычылык каттары тапшырылып, балдар үчүн диагаджеттер, диабет тууралуу китептер ойнотулду. Майрам аниматорлордун жана «Хайп шоу-бэнддин» музыканттары менен коштолду.
Комментарийлер