БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ДАЯРДОО — УЧУР ТАЛАБЫ

  • 17.04.2018
  • 0

Кара-Көл шаарында «Балдарды мектепке даярдоо» темасында семинар сабактары өтүлдү. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинети тарабынан уюшулуп, бала бакчалардын тарбиячылары тарабынан тема боюнча баяндамалар жана практикалык сабактар өтүлдү.

Семинарга шаардагы балдар бакчаларынын тарбиячылары катышып, тажрыйба алмашуу максатында «Баластан» балдар бакчасында өткөрүлдү.

Г.А., «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер