БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ

  • 01.06.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө «Мээрим» теледолбооруна катышкан балдар менен жолугушту.

Президент жолугушуунун катышуучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, балдар менен жылуу маанайда баарлашып, өзүнүн күнүмдүк ишмердүүлүгү тууралуу айтып берип, аларды кызыктырган суроолорго да жооп берди.

Мамлекет башчысынын колунан балдар ноутбуктарды белекке алышты, Президентке өз колдору менен жасаган илбирс түрүндүгө акча салып коюучу кутуну белек кылышты.

Жолугушуунун катышуучулары Мамлекет башчысы менен биргеликте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын аймагында сейилдешти.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Бишкек шаарынын Октябрь районунун «Тунгуч» кичирайонундагы жаңы бала бакчанын имаратын көрдү.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун маалыматы боюнча бала бакчада 3 жашка чейинки, кенже, орто жана андан жогору жаштагы балдардын топторуна ылайыкташкан. Бакчада музыкалык окуулар, медициналык кабинет, ашкана жана башкалар үчүн жайлар каралган.

Учурда курулуш иштери, аймакты жашылдандыруу, балдар ойноочу аянтчалар толугу менен бүткөрүлгөн. Зарыл болгон жабдуулар жана мүлк-шаймандар менен толуктоо иштери жүрүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков бала бакчанын эмгек жамааты менен баарлашты. Алардын кесиби өсүп келе жаткан  муунду тарбиялоо процессинде өзгөчө маанилүү экенин белгилөө менен аларга ийгиликтерди жана бакубатчылыкты каалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер