БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТТҮ

  • 31.05.2020
  • 0

Жалал-Абад облусунун кошумча билим берүү мекемелери  1-июнь –“Эл аралык   балдарды    коргоо” күнүнө жакшы даярдыктар менен келишти.

БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТТҮ

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаардык балдар чыгармачылык үйү 1-июнь — «Эл аралык балдарды коргоо күнүнө» карата  бир топ иш-чараларды онлайн режиминде уюштурду.

БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТТҮ
— Президентибиздин “Балдарды колдоо” жылынын алкагында бир катар таасирдүү иш-чараларды уюштуруу аркылуу биз үй шартында олтурган жаш балдардын маанайын көтөрүү максатын көздөдүк.

БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТТҮ

Албетте балдарды ынтымакка чакыруу, бош убактыларын максаттуу пайдаланууга үйрөтүү,  балдардын эстетикалык көз карашын өстүрүү, ошондой эле  мамлекеттин башкы байлыгы — үй-бүлөнүн ынтымагын күчөтүү максаттары да уюштуруучулардын көңүл борборунда болду, — дейт шаардык Балдар чыгармачылык үйүнүн директору Гүлжан Бердимуратова.

БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТТҮ
Балдарды коргоо күнүнүн майрамдык программасында “Атам, апам жана мен — биз бактылуу үй -бүлө”  конкурсу,  балдардын куттуктоо флешмобу,  «Бирге жомок окуйбуз!» эстафетасы, “Тынчтык, бакыт жана жакшылык” деп аталган сүрөт тартуу сынагы уюштурулат.

БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТТҮ

«Атам, апам жана мен — биз бактылуу үй-бүлө» конкурсунун негизги максаты карантин учурунда окуучуларды убактысын пайдалуу өткөрүүгө үйрөтүү жана ата-эне менен окуучунун байланышын жакындатуу болуп саналат.

БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТТҮ

Бул конкурстун талабы боюнча  бала ата-энеси менен биргеликте онлайн режиминде   тамак даярдап, кооздуктарды жасап, сүрөт тартып,  жомокту  ролдоштуруп, караоке ырдап,  спорттук көнүгүүлөрдү аткарып, текстти көркөм окуп бериши керек.

БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТТҮ

Ал эми үй тапшырмага  үч  минутадан ашпаган видео сюжет даярдап келиши керек.
Бул иш-чараларга 7 жаштан 17 жашка чейинки окуучулар катыша алат.

БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТТҮ

Уюштуруучулардын айтуусунда, быйыл жылдагыдан айырмаланып,  баардык иш-чаралар онлайн түрдө өтөт. Майрамга карата  окуучулар «Мен үй-бүлөм менен бактылуумун», “Тынчтык, жакшылык, боорукерлик”, “Жаратылыш кооздугу” деген темада сүрөт тартып, каалоочулар ата-энеси менен бирге атактуу жазуучулардын китептерин, жомокторду көркөм окуп,   карантинде убакытты пайдалуу өткөрүп жатканы тууралуу үч мүнөттүк видеоролик тартып  жибере алышат.

БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТТҮ
Сынактык иштер 27-майга чейин кабыл алынгандыктан, анын баарын калыстар астейдил карап чыгышканын, ал эми сынактын  жыйынтыгы 1-июнь — Балдарды коргоо күнүндө  жарыя болорун кабарлай кетели.

БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТТҮ
Маалымат үчүн: Кара-Көл шаардык балдар чыгармачылык үйүндө миңден ашуун окуучу тарбияланып, алар сабактан тышкаркы мезгилде 22 түрдүү кошумча ийримдерге катышууда. Шаардагы окуучуларга кошумча билим берип келе жаткан бул мекемеде  22 тарбиячы эмгектенет.
А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер