БАЛДАРДЫ КЛИМАТТЫК ЖАНА ЭКОЛОГИЯЛЫК КРИЗИСТЕН САКТАЙЛЫ!

  • 20.08.2021
  • 0

ЮНИСЕФ биринчи жолу өлкөлөрдү балдардын климаттык жана экологиялык тобокелдиктерге дуушар болуу жана аярлуулук деңгээли боюнча классификациялап чыкты. Кыргызстандын балдары эң аялуу топтун арасында 94-орунду ээлейт.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда Кыргызстандагы балдар климаттык кризистин “жогорку тобокелчилигине” дуушар болушууда.

Кыргызстанда жашаган жаштар климаттын өзгөрүүсүнөн улам жаралган кесепеттердин таасирине көбүрөөк дуушар болушат, бул алардын ден соолугуна, билимине жана коргоосуна коркунуч келтирүүдө. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин бүгүн жарык көргөн отчетунда айтылат.

Кыргызстан 163 орундун ичинен 94-орунду ээлеп, бул өлкөлөрдүн катарында бар.  Отчетто Кыргызстанда абанын булганышы жана суунун тартыштыгы коркунучу жогору экени белгиленип, климаттык кыйынчылыктарга, айрыкча балдардын ден соолугун коргоого туруктуу болгон социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жасалган инвестициялар, балдардын суу менен жабдуу, санитария жана гигиена чөйрөлөрүндөгү талаптагыдай кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасиринен алардын бакубатчылыгын жана келечегин коргоо жөндөмүбүзгө чоң таасирин тийгизе турганы айтылат.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник “Климаттык кризис – бул балдардын укуктарынын кризиси”, — деп белгиледи.

“Кыргызстан Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшүнө эң аялуу өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Абанын мезгилдүү булганышы шартында анын айлана-чөйрөгө жана балдардын бакубатчылыгына тийгизген терс таасири балдардын жашоосу үчүн барган сайын коркунучтуу жерге айланып баратат. Бирок эгерде азыртадан чара көрө баштасак, кырдаалдын начарлашын алдын алабыз. Эгерде биз аракеттерибизди бириктирсек, балдардын келечегин климаттын өзгөрүшүнөн жана экологиянын бузулушунан келип чыккан кесепеттерден коргой алабыз”,-дейт ал.

Бөлүшүү

Комментарийлер