БАЛДАРДЫ КИТЕП ОКУУГА БИРГЕ БАГЫТТАЙЛЫ

  • 11.02.2019
  • 0

 

Аламїдїн районунун Таш-Дєбє айылындагы Чїй облустук мектеп-гимназиясында єткєн семинар окуучуларды китеп окууга кызыктыруу жана жалпы эле тарбия берїїнїн туура багытын табууга арналды. Семинардын єзєгї мектеп-гимназиянын директору Бїбїкан Жусупова жазган “Жашоонун ажары сїйїїдє” китебинен алынган.

 БАЛДАРДЫ КИТЕП ОКУУГА БИРГЕ БАГЫТТАЙЛЫ

Єнїгїї єзєгї – єзїбїздїн философияда

Семинарды ачкан мектеп гимназиянын директору Б.Жусупова єзї тїптєп, жетектеп келаткан мектептин жетишкендиктерине жана жалпы эле билим берїїнїн учурдагы урунттуу маселелерине кеўири токтолду.

– Азыркы учурда билим берїї тармагынын жетишкендиктери менен бирге эле кєптєгєн кєйгєйлєрї да бар. Жетишкендиктери – мектептердин материалдык базасынын жылдан-жылга толукталып, єсїп жатканы болсо, кєйгєйлєрї – окуучулардын арасында китеп окуган, китепке кызыккан окуучулар азайып, уюлдук телефонго кызыккандар кєбєйїп жатканы болууда. Балдар окууга кызыкпай, мектепти экинчи планга коюп, иштеп акча табууну самап калышканы жашыруун эмес. Муну ата-энелер да жакшы билишет. Ушунун баары окуучунун да, алардын ата-энелеринин да мугалимге болгон сый-урматы тємєндєгєндє деп ойлоймун.

Билим берїї тармагында кєп эле реформалар ишке ашырылып келатат. Бирок азыркы жаштарды карап отуруп, дагы он-жыйырма жылдан кийинки балдарыбыз кандай болорун элестетїї кыйын болуп калды. Бул маселе баардыгыбызды эле тїйшєлтїп келатканы талашсыз. Андыктан мен єзїбїздє колдонулуп келаткан ыкмалар менен бєлїшкїм келет. Мында эч кандай жаўылык деле жок, болгону биз єнїгїї жолун єзїбїздїн илгертеден колдонуп келаткан акыл-насааттарыбыздан, каада-салттарыбыздан таба алабыз. Кыргыздын єзєгї – бул кыргыз тили, кыргыздын маданияты, кыргыздын санжырасында. Санжыраны баардыгына тереў їйрєтє албасак да, балдарга жети атасын таанытуу менен алардын патриоттук сезимин калыптандыра алабыз. Кыргыздын баалуулуктары – бул сєз, ата-журт, жаратылыш, ар-намыс, чындык, сабырдуулук, акылмандык, токпейилдик, баатырлык ж.б. кирет. Биз айтып жаткан ушул баалуулуктарды балдар эмес, ата-энелер толук билбей калышканы да жашыруун эмес.

Бизде иштеп кеткен жапон волонтер-мугалимдер менен баарлашып калганда алар: “Кыргыздар єзїнїн философиясы менен жашашы керек, себеби ийгиликке алып келчї – єзїўєрдїн философия. Силер Японияны, Россияны, Американы туурабагыла” дешет. Мисалы, Япония кандай єнїккєн мамлекет. Алар балким ошондой єнїгїї жолуна єзїнїн баалуулуктарын бийик тутуп, сакташкандыктары їчїн жетишип жаткандыр деп ойлойсуў, — деп ой бєлїштї директор айым.

Аламїдїн районунун Таш-Дєбє айылындагы єзгєчє зээндїї балдардын мектеп-гимназиясынын балдары мектеп аралык окуудагы жана башка маданий иш-чараларда алдыўкы ийгиликтерге жетишип келатканы маалым. Алар бул жерде жатып окуу менен бирге, убактыларынын дээрлик баарын ар тїрдїї ийримдерге катышуу менен єткєрїшєт. Анын жемиши кєпкє кїттїрбєгєнїнє келген меймандар да кїбє болушту. Окуучулар Бїбїкан Жусупованын “Жашоонун ажары сїйїїдє” китеби жєнїндє кеўири ой жїгїртїшїп, єздєрїнїн кєўїлїнє тєп келген темаларын отургандарга чечмелеп айтып беришти.

БАЛДАРДЫ КИТЕП ОКУУГА БИРГЕ БАГЫТТАЙЛЫ

Акыл казынасын толуктоочу – бул эмгек

Балдардын ой чабытына кунт коюп назар салып отурган публицист-жазуучу, ф.и.д., профессор Советбек Байгазиев єзїнчє бир университеттен билим алганга тете болгонун толкундануу менен белгилеп єттї.

– Бул мектептен мен Кыргызстандын микромоделин кєргєндєй болуп отурам. Мен адегенде китептин автору жєнїндє бир-эки ооз сєз айткым келип турат. Бул мектеп – єлкєнїн ичиндеги єзїнчє бир єлкєдєй таасир калтырды. Бул мектептин єзїнїн концепциясы, идеологиясы, єзїнїн багыты, єзїнїн гимни бар экен. Бизде ушундай мектептер кєбєйсє, алдыга тезирээк кадамдайт элек деп ойлойм. Себеби бизде єлкєнїн масштабында кабыл алынган тарбия концепциясы жок. Биз эки мугалимдин ачык сабагына кїбє болдук, мен эки сабактан теў сабактарынан жакшы таасир алдым. Алар окутуунун гуманисттик-демократиялык стилинин кылдат жолуна тїшкєнїн байкалат. Мугалимдин їстємдїк кылган авторитардык башкаруусу жок, классты эркин башкарган мугалим бул жерде кеўешчи, стимул берїїчї, партнер экени кєрїнїп турат. Биз кєптєн бери кыялданып жетпей жїргєн сабактын моделин мектептин адеп сабагынын мугалими Анара Турусбекованын сабагынан кєрдїк. Балдардын билим деўгээлин баалоодо колдонулган эл аралык изилдєє ыкмаларында индивидуалдуу жекече ишенимдер болот. Мисалы, математиканы єз анализи менен чыгарган, єзїнїн акылы менен тапкан алдынчы деўгээл деген бар. Ушул деўгээл билим деўгээли жогорку кєрсєткїчкє ээ болгон Корея, Сингапур сыяктуу єлкєлєрдєгї класстарда 10 пайызды тїзєт. Ушул єз алдынча ой жїгїртїїгє, тереў аналитиканы єнїктїрїїгє їйрєткєн бизде жок экен. Ушул алтынчы деўгээлге жетїїнї їйрєнїшїбїз керек, анткени бул бардык сабактарга керек. Ал жаттоо кєрїнїшїнєн арылып, жекече ой жїгїртїїлєрдїн жолуна тїшкєн балдар билимдеги компетенцияга жетишет экен. Бул жердеги балдардын оозунан чыгып жаткан чындыктар, этикалык тїшїнїктєр ички ишенимге айланган, баланын кєкїрєгїндє жашаган чындыктар болсо, алтынчы деўгээлге жетерибизге шек жок. Бїгїн биз ушул жерден кїбє болгон сабактардан мен ушул жолго тїшкєн, жекече индивидуалдуу ой жїгїртїїнї жаратуу стратегиясына багыт алган сабактар экенин кєрдїм.

Китеп жєнїндє дагы бир-эки ооз сєз айта кетейин, мында мен тарбия идеологиясын кєрїп турам, мында улуттук єзєктїї табылга, улуттук баалуулуктар, улуттук руханий ресурстар тарбия кызматына чегерилген. Ушунун баарын улуттук баалуулуктардын фундаментине коюш керек, ал їчїн ошол улуттук баалуулуктарды таап, аны системаларга салып, тарбия ишине салуу керек. Ошого карай жасалган кадамды мен ушул “Жашоонун ажары сїйїїдє” китебинен кєрїп турам, — деди профессор.

 БАЛДАРДЫ КИТЕП ОКУУГА БИРГЕ БАГЫТТАЙЛЫ

“Бирге окуйбуз” долбоору мен бала кезде жайлоодон башталган

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун табигый-илимий жана математикалык билим берїї кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Бакен Кособаева ушул мектеп-гимназия менен кєптєн бери кызматташып келатканын, бул жолугушуудан аябай тереў таасирленгенин айтып єттї.

– Мен ушул жерде отуруп, 70тен ашкан бїт ємїрїмдї жашап чыккандай болдум. Мектепте окуган кезим, мага билим берген агай-эжейлеримди эстедим. Адам єзїнїн жашоосунда, їй-бїлє курууда, чыгармачылык жолунда, айтор, деги эле басып єткєн турмуш жолунда максат коюп жашайт эмеспи, ошол максаттарына жетїїгє умтулат. Адам дїйнєдєгї баалуулуктардын эў баалуусун єзїнїн їй-бїлєсїнє, бала-бакырасына арнайт. Мисалы, менин балдарымдын баары жогорку билимдїї, эў мыкты билим берейин деп борбордук жождордон окуттум. Азыр кудайга шїгїр, алар турмушта єз ордун табышты. Бирок бир єкїнгєнїм — баары кыргыз тилинен, кыргыз дїйнєсїнє алыс єсїп калышты. Ушул єксїк болуп калды. Бирок тил їйрєнїї эч качан кеч эмес. Мен, мисалы, карыган кезимде тїрк, англис тилин їйрєнгєм. Анткени кыргыздар табиятынан тил їйрєнїїгє жєндємдїї келишет. Бїгїнкї жолугушуу менин балалыгымды эске салды деп атпаймынбы, менин балалыгым Кырчын жайлоосунда єткєн, ошол тоо арасында таене-таяталарым менен боз їйдє азыр жаўылык катары кирип жаткан “Бирге окуйбуз” деген долбоорду жаратканбыз. Чоў ата-чоў энелерибизге кыргыздын эпосторун, дастандарын очоктун жарыгына башыбызды отко кактап, улам кезек менен окуп бергенде, алар кєздєрїнє жаш алып угуп отурар эле. Мына сєздїн кїчї, сєздїн таасири. Мен да ушул жерден балдардын айткандарын укканда кєзїмє жаш тегеренди. Бул балдардан жакшы ата-эне, жакшы їй-бїлє чыгат. Демек, биздин уучубуз куру эмес экен деп кубандым. Мектептин эмгек жамаатынын, айрыкча, мектеп-гимназия директорунун эмгеги аябай зор экен. Керек болсо Бїбїкан Жусупованын эмгегин татыктуу белгилеп, “Эмгек сиўирген мугалим” наамын ыйгаруу керек деген сунушумду айтаар элем. Анткени, Советбек Орозканович айткандай, биз баарыбыз ушул жерден бїтїндєй бир университеттен турмуштук сабак алгандай болдук. Мындай эмгек жерде калбашы керек.

Айнагїл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер