БАЛДАРДЫ КАЙРЫМДУУЛУККА, МЕКЕНДИ СҮЙҮҮГӨ ЧАКЫРГАН АКЦИЯ

  • 30.11.2022
  • 0

БАЛДАРДЫ КАЙРЫМДУУЛУККА, МЕКЕНДИ СҮЙҮҮГӨ ЧАКЫРГАН АКЦИЯ

КР ИИМ Коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун базасында “Зордук-зомбулуксуз жашоо” акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

БАЛДАРДЫ КАЙРЫМДУУЛУККА, МЕКЕНДИ СҮЙҮҮГӨ ЧАКЫРГАН АКЦИЯ

Аталган акция 1999-жылы Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясы жарыялаган 25-ноябрдан 10-декабрга чейин аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу боюнча «16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүү иш-аракет» акциясынын алкагында жыл сайын эл аралык деңгээлде өткөрүлүп келет.

 

БАЛДАРДЫ КАЙРЫМДУУЛУККА, МЕКЕНДИ СҮЙҮҮГӨ ЧАКЫРГАН АКЦИЯБул иш-чарага КР ИИМдин КККнын жана АБКнын кызматкерлери, БШИИИБдин жана РИИБдин кызматкерлери, КРнын Президентине караштуу Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь, Биринчи Май жана Ленин районунун жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери жана окуучулары чакырылган.

Иш-чаранын ачылыш аземинде КР ИИМ министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, балдар каалаган убакта милиция кызматкерлерине ар дайым таяна аларын белгилеп, бардык балдарга чың ден соолук, бакубат, жаркын келечек каалады.

КРнын Президентине караштуу Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева өз сөзүндө биздин келечегибиз болгон балдарга түшүнүү жана камкордук менен аяр мамиле жасоо керек экендигин баса белгиледи.

БАЛДАРДЫ КАЙРЫМДУУЛУККА, МЕКЕНДИ СҮЙҮҮГӨ ЧАКЫРГАН АКЦИЯ

 

Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери күжүрмөн самбо жана өзүн-өзү коргоо боюнча атайын көрсөтүүлөрдү уюштурду. Өз кезегинде окуучулар “Мектеп рэкети”, “Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук”, “Эрте никеге туруу” темасында театрлаштырылган көрсөтмөлөрдү жана концерттик программаларды тартуулашты.

БАЛДАРДЫ КАЙРЫМДУУЛУККА, МЕКЕНДИ СҮЙҮҮГӨ ЧАКЫРГАН АКЦИЯ

Бул иш-чаранын максаты — балдарды боорукердикке чакыруу, мекенди барктоого, сүйүүгө, улууларды урматтоого тарбиялоо жана патриоттук сезимдерди ойготуу болуп саналат.

Иш-чаранын аягында балдарга жана конокторго ар түрдүү белектер тапшырылды. Ошондой эле, милиция кызматкерлери балдарга чай уюштуруп, коноктор менен бирге сүрөткө түштү.

Аталган иш-чара КР ИИМдин туруктуу өнөктөштөрү: «СЭФЭВОРЛД» Эл аралык толеранттуулук фондунун, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жана жеке ишкер Улан Жумабаевдин каржылык колдоосу менен өткөрүлдү.

БАЛДАРДЫ КАЙРЫМДУУЛУККА, МЕКЕНДИ СҮЙҮҮГӨ ЧАКЫРГАН АКЦИЯ

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер