БАЛДАРДЫ КҮТКӨН БАЛА БАКЧАЛАР
- 10.07.2023
- 0
Президент С.Жапаров сөз бергендей, өлкөбүздө жыл башынан бери бала бакчалардын санын көбөйтүү багытында алгылыктуу иштер аткарылып жатканына күбө болуудабыз. Айрыкча, бала бакчанын саны тартыш болуп келген жаңы конуштарда жаңы курулуштар ыкчам башталып, 100 күндүн ичинде беш миң бөбөккө орун даярдалды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри К.Иманалиев 5-июлда КР Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева ж.б. расмий өкүлдөр катышкан “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун жумушчу тобунун жыйынтыктоочу жыйынында маалымат берди.
Аталган долбоор Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондорундагы жаңы конуштарда бир жаштан алты жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүү кызматтары менен камтууну эки эсеге көбөйтүү, тактап айтканда, 1 миң 577ден 3 миң 154 балага чейин көбөйтүү максатын көздөйт.
10-майда башталган баштапкы курска катышууга 1000 адам арыз берген. Жыйынтыгында 750 адам окутуудан өтүп, 553 адам сертификатка ээ болгон. Жеке ишкер катары каттоодон өткөн 237 адам үй тибиндеги бала бакча ачууга уруксат алган.
Бала бакча ачуу оңойбу?
Эгерде мурда жеке менчик бала бакча ачуу бир топ кыйынчылыктар менен коштолуп келген болсо, эми мурдагыдай маселе жаратпай калды. Үч күндүк окуудан өткөн жарандар ачкан үй тибиндеги бала бакчаларга жашаган аймагына жараша балдар камтылып, ата-энелердин баш оорусу басаңдап калгансыды. А бирок медалдын эки тарабы болгондой эле, бала бакча ачуу канчалык жеңилдегенин, анын кандай оош-кыйыштары болуп жатканын, тагыраагы, ошол экинчи, көмүскө жагын иликтегенге аракеттенип көрөлү.
Бишкек шаарынын түндүк тарабында жайгашкан жаңы конуштардын балдары бара баштаган үй тибиндеги “Кут” бала бакчасына баш бакканыбызда, балдар түшкү тамактан кийин уктоого камынып калган экен. Бизди тосуп чыккан бала бакчанын башчысы Наргиза Аманова менен бак-шактуу кенен короодо шашпай маектешип олтурдук. 27 жаштагы Наргиза Бердигуловнаны этектеген кичинекей бөбөктөрдү көрүп, балдар менен иштегенди жакшы эле өздөштүрүп калгандыгын баамдадым. Өзү жаштыгына карабай, үч баланын энеси экенин укканда, оюм ого бетер бекемдеди.
– Мен кесибим боюнча медициналык айым болом. Турмушка чыккан соң, үч бала менен үйдө олтуруп калдым. Эки кызым удаа болгондуктан, улуусу төрт жаштан ашканда, кыздарымды бакчага бергенге бала бакча издедик. Мамлекеттик типтеги бала бакчага кезек тууралуу укканда, ал жакка жакын арада илинбей турганыбызга көзүбүз жетип, жеке менчик бала бакча издей баштадык. Таң калычтуусу, ал жакта да орун жок болуп чыкты. Аңгыча эле “Өкмөттүк акселераторлор” программасы тууралуу маалыматтарды угуп калдык. Туугандарыбыз кеңешип, мени окууга жөнөтүүнү чечишкенде, сүйүнүп кабыл алдым. Себеби мага балдар менен иштеген аябай жагат. Өзүбүз да көп балалуу үй-бүлөбүз, балдарым да бар дегендей, эс тарткандан улуусу кичүүсүн жетелеп, бири-бирине кам көрүү – кыргыздар үчүн кадыресе көнүмүш адат го, — дейт Наргиза.
Наргизага акыл-насаат айтып, жакындан жардам берген эжеси Айша Ибрагимова болгон. Эжеси филолог жана психолог деген эки кесиптин ээси экени андан беш бетер оңдой берди болгонун айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Ал бир жумада бир-эки жолу келип кабар алып турат. Айткандай эле биз маектешип олтурганда, сырттан машинанын дүбүртү угулуп, Наргизанын эки жагында этектеп олтурган эки кыз дарбазаны карай чуркаганынан улам, алар үчүн жакын адам келгенин баамдадым. Колунда алып келген азык-түлүктөрдү өткөрүп берген соң, Айша Туяковна биздин маегибизге кошулуп, психолог катары балдарды коомдук жайларга жайгаштыруунун өз эрежелери тууралуу маалыматтары менен бөлүштү.
– Балдарды коомдук жайларга, коомдук мекемелерге аралаштыруунун алдында аларды адаптациялоо керек. Жөнөкөйдөн татаалга карай деген эрежени адистер жакшы билет, адегенде тарбиячылар балдарды өзүнө жакындатууга тийиш. Бул бала бакчанын ачылганына бир айдай болуп калды, балдар тарбиячыларына жакшы эле көнүшүп калганын байкадым. Башкасын айтпаганда эле, Наргиза өткөндө үч күнгө окууга кеткенде, балдар кадимкидей жоктоп, кээ бирөө ал жокто тамак да жебей койду, — деп күлдү Айша.
Ата-эненин укугу жана милдети
“Кут” бала бакчасына азыр 12 бала келип жатат. Жашы боюнча улуу жана кенже топко бөлүнгөн балдарды үч айым тейлейт. Балдардын саны азырынча азыраак болгондуктан, ашпозчулук милдетти Наргиза Аманова өзү аткарууда. Медайымдык кесибинин да пайдасы тийип, балдардын санитардык-гигиеналык абалына көз салууну өз мойнуна алган.
– Балдарга көнүп калат экенсиң. Балдар менен иштөөдө биринчи кезекте балдар менен достошуу керектигин билдим. Албетте, балдардын жана ата-энелердин мүнөздөрү ар түрдүү болот эмеспи, балдардын жүрүм-турумуна көбүнчө ата-энелеринин көз карашы, мамилеси кыйыр түрдө болсо да, таасирин тийгизбей койбойт. Биз ар бир ата-эне менен жекече сүйлөшүп, баланын кулк-мүнөзүн, адаттарын аныктоого аракеттенебиз. Баары эле жипке тизгендей сонун дегенден да алыспыз. Мисалы, кээ бир ата-энелер менен түшүнүшпөй калган учурлар да кездешет. Биз адатта ар биринин айткан сунуштарын, койгон дооматтарын кылдат изилдегенге аракеттенебиз. Бирок ошондой болсо да, чектен ашып кеткен ата-энелер да болот. Мисалы, өгүнү бир эне: “Менин кызым үйгө барганда алты литр суу ичти, силер эмне суу бербейсиңерби?” деп сураса, дагы бири: “Менин балам бакчага барбайм деп ыйлап жатат, силер аны бул жактан уруп жаткан жоксуңарбы?” — дейт. “Балдарыбыз эмне тамак ичип жатат” деп тынчсызданган ата-эне андан көп. Биз башка мектепке чейинки билим берүү мекемелери сыяктуу эле ботконун түрлөрүн, компот ж.б. кичинекей баланын ашказанына сиңимдүү жана пайдалуу тамактарды жасап беребиз. Ал жагынан камтама болбой эле коюшса болот, а бирок маселе – балага ошондой тамак-аштарды үйүндө жасап бербегендигинде болуп жатпасын?! Анткени бала үйүндө мурда жеп көнбөгөн ботколорду дароо жеп башташы кыйын го, — деген ой-пикирлери менен бөлүштү.
Наргиза Аманова айткандай, ата-энелердин баласына жана анын чөйрөсүнө жасаган мамилесинен көп нерселер көз каранды болору талашсыз чындык. Балдарын бакчага даярдоо алдында ата-энелер биринчи кезекте анын ден соолугунун чың экендигин тастыктаган медициналык справка алат. Бул процесс кандайча жүрөт? Баласын колунан жетелеп, ар бир адиске көргөзүп, чындап текшерткен ата-энелердин катарында, эптеп эле арыдан-бери справка толтуртуп, убактысын балдарынан аяган ата-энелер да жок эмес, тилекке каршы.
– Биз өз алдыбызча балдардын ден соолугун иликтеп, ата-энелери алып келген справкадан шек саноого акыбыз жок. Себеби, ал справкада баштан аяк “баланын дени-карды соо” деген белгилер, врачтардын кол тамгалары коюлган. Бирок ошол эле учурда баланын тиши же ичи ооруп калса, дароо бизди айыптаганга аракеттенген ата-энелер да болот. Оору кокусунан деле болуп калышы ыктымал. Кандай болгон күндө да, баланын ден соолугу, коопсуздугу жана билими үчүн ата-энелер менен бирдикте, бир багыттуу иш алып барууга милдеттүү экенибизди жакшы түшүнөбүз. Ошондой эле жоопкерчиликти ата-энелерден да күтөбүз. Белгилүү педагог Г.Мадаминов “Ата-энелер мектебин” негиздөөгө басым жасап, ата-энелерди окутуунун маанисин баса белгилеп жатканы бекер эмес экенине ынандым, — дейт Наргиза
Аманова.
Эне-баланын ден соолугунан эртеңки келечек көз каранды
Албетте, ата-энелер үчүн да, билим берүү тармагынын адистери үчүн да, баланын ден соолугу жана коопсуздугу биринчи орунда турары бышык. А бирок, өзүбүз күнүмдүк турмушубузда кездешип жүргөн айрым көрүнүштөрдөн улам, кээ бир ата-энелер тарабынан кайдыгерликпи, же шалаакылыкпы, айтор, справка даярдоодо жүр-нары мамилеге орун берилип жатканы да жашыруун эмес. Биз Бишкек шаарындагы №1 ҮДТнын тажрыйбалуу педиатры Чынара Сатаровага атайын байланышып, балдарын бакчага даярдап жаткан ата-энелерге кандай кеп-кеңештери бар экендигин сурадык.
– Ата-энелердин баары эле балдарынын ден соолугун тиешелүү деңгээлде карабайт дегенден алысмын. Тескерисинче, балдарын жеке менчик клиникаларга атайын алып барып, анализдерин тапшырып, кылдат изилдеген ата-энелерди көп эле кезиктирип жүрөм. Мен мындай мамилени кош колдоп колдойм. Анткени эне-баланын ден соолугуна биздин эртеңкибиз көз каранды. “Дени сак эне-бала – дени сак мамлекет” деп бекеринен айтылбаса керек. Ата-энелерге кайрылып айтаарым – наристе жаңы төрөлгөндөн баштап, анын ар бир мүчөсүнө кылдат байкоо жүргүзүү керек. Баланын дене мүчөсү, акыл-эси жаш курагына жараша өөрчүп-өнүгүүгө тийиш. Биз адегенде эле невропатологго жөнөтөбүз. Эгерде ал кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү байкаса, андан ары тиешелүү адистерге сунуштайт. Кийин кеч болуп калбашы үчүн ата-энелер адистердин айтканын көңүлдөн сырткары калтырып койбошу керек. Дарыгерлер кийинки учурларда балдар арасында аутизм, психикалык өөрчүүсүнүн кечеңдеши, тили кеч чыгуу сыяктуу көрүнүштөрдүн көбүрөөк кездешип жатканын айтышууда, — дейт, 28 жылдык тажрыйбасы бар педиатр Чынара Сатарова.
Адистер ата-энелер үйдө балдары менен көбүрөөк сүйлөшүүсү керектигин белгилешет. Үйүндө балдары менен баарлашууда бала бакчанын артыкчылыгын айтып, кызыктырып, шыктандырып туруу керек дешет. Бизде болсо тескерисинче, “Ыйласаң, бакчага алып барып салам» деп коркуткан ата-энелер да жок эмес.
– Бала үйүндө эркелеп, туура сүйлөбөй бейбаштанып, ата-энесинин айткандарын кулагына илбей коюшу толук мүмкүн. Мен өз практикамдан бир мисал келтирейин. Бир кыз мектепке барганча “р” тамгасын айта алчу эмес. Адатта ата-энеси эркелетип, анын тили менен сүйлөп жайына койгондо, ошондой болот. Бирок мектепке баргандан баштап, дароо эле туура сүйлөп калганын билем. Анткени бала аргасыздан коомго ыңгайлашат. Жамаатта ошондой кырдаал түзүлүп, сүйлөбөй жаткан бала сүйлөп, ачылып кетиши мүмкүн. Бала ар дайым активдүү кыймылда болушу үчүн биз балдарды кыймылдуу оюндар менен ойнотууга басым жасоого тийишпиз, — дейт психолог адис.
Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер