БАЛДАРДЫ ЭРТЕ КУРАКТАН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ САЛЫМ КОШОТ
- 31.10.2023
- 0
Бишкекте балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча “WE CARE” долбоорунун расмий ачылышы болду. 3 миллион АКШ доллар каражаты менен ишке ашырыла турган бул долбоор мектепке чейинки курактагы балдардын сапаттуу өнүгүү жана балдарды эрте куракта өнүктүрүү мекемелерди түзүү аркылуу ишкер аялдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
WE CARE долбоору Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен Ага Хан фондусунун кызматташуусунун негизинде ишке ашырылмакчы. Долбоордун алкагында кийинки үч жылдын ичинде долбоор 100дөн ашык балдарды эрте куракта өнүктүрүү мекемелерине жардам көрсөтөт жана 700дөн ашык мугалимдерди жана тарбиячыларды окутат. Иш-чаранын ачылышына катышкан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Элчи Лессли Вигери, Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фондунун башкы директору Давлатсултон Доргабекова ж.б. расмий өкүлдөр катышты.
Министр катышуучулардын баарына ыраазычылык билдирди.
— Билим берүү жана илим министрлиги менчиктин түрүнө карабай, балдарды эрте куракта өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелерди кубаттайт жана колдойт. Анткени балдарды мүмкүн болушунча эрте өнүктүрүү – артыкчылыктуу, өтө маанилүү милдет, — деди ал өзүнүн сөзүндө.
Ага Хан Фондунун Кыргызстандагы директору Давлатсултон Доргабекова жогоруда аталган долбоор Кыргыз Республикасында 2020-2040-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга көмөктөшөрүн белгиледи.
— Биз бул долбоор аркылуу Кыргыз Республикасынын аялдары эрте жаштан баштап балдарды өнүктүрүү чөйрөсүндө туруктуу ишкер болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болоруна бекем ишенебиз, бул аларга экономикалык көз карандысыздыкты гана бербестен, ошондой эле өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле бул долбоор Кыргыз Республикасында мектепке чейинки сапаттуу билим берүүнү колдоо менен балдардын жаркын келечегине салым кошот, — деди Давлатсултон Доргабекова.
Айнагүл КАШЫБАЕВА, «Кут Билим»
Комментарийлер