БАЛДАР ДЕНИ САК ЖАШООНУ ЖАКТЫРЫШАТ

  • 06.03.2024
  • 0

2024-жылдын 6-мартында Нарын районундагы Аткан Тыныбек атындагы орто мектебинде  КР Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» концепцияны бекитүү тууралуу №313 жарлыгынын негизинде Нарын райондук  мамлекеттик  администрациясынын  №54 буйругун жетекчиликке алып, 2-«а», «б», «в»  класстарынын окуучулары менен ата-энелеринин катышуусунда  «Спорт — ден соолуктун булагы»  аталышындагы интеграцияланган мелдеш сабак болуп өттү.

БАЛДАР ДЕНИ САК ЖАШООНУ ЖАКТЫРЫШАТ

Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Э.Жанболотова, КРАДК жана «АтаМЕНен» долбоорунун  өкүлү Б.Кушназаров, НРИИБ  Т.Ашырбаев, С.Абыкеев, Солтонбек у Кудайберген, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиев катышып,  ата- энелерге, класс жетекчилерге белектер, ыраазычылык каттар  тапшырылды.
Иш-чарага демөөрчүлүк кылган  КР АДК жетекчилигине, айыл өкмөтүнө жана  А.Абдыбековнага  ата-энелердин, окуучулардын жана мектеп жамаатынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

БАЛДАР ДЕНИ САК ЖАШООНУ ЖАКТЫРЫШАТ

Кенжегүл БЕКТЕМИРОВА, Нарын району

Бөлүшүү

Комментарийлер