БАЛДАР ЖАНА САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЗАМАНЫ

  • 02.03.2020
  • 0

Бишкектеги КЭУнун алдындагы Экономика жана сервис колледжинин “Информатика жана табигый илимдер дисциплиналары” окуу-усулдук комиссиясы “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” арнап өткөргөн жумалыкта студенттер санариптик технологиялардын пайдасы, зыяны жана алардан коргонуу чараларын талкуулашты.

Жумалыктын алкагында студенттердин окууга болгон кызыгуусун артырууга, өз мекенин жана эне тилин сүйүүгө жана көздүн карегиндей сактоого, өз тарыхын жана ата тегин билүүгө үндөгөн иш-чаралар уюштурулду.

БАЛДАР ЖАНА САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЗАМАНЫ

Студенттер окуу-усулдук комиссиясынын окутуучулары Д.Тонуеванын “Вебтехнологиялары жана программалоо”, Ж.Сарыпбекованын “Алгоритмдин негиздери жана программалоо” аталышындагы жана Касиет Токтобай кызынын математика сабагы боюнча жаңы ыкмалардын негизинде өткөн ачык сабактарына күбө болушту.

Жумалыктын жүрүшүндө атайын чакырылган коноктордун лекциялары да студенттер тарабынан зор кызыгууну жаратты. Алардын бири — КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын директору Аман Абдылдаев заманбап санариптик технологиялардын Кыргызстанда колдонушу жөнүндө кызыктуу жана пайдалуу маек куруп берди. Коноктордун дагы бири — М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин   “Колдонмо информатика” кафедрасынын окутуучусу, техника илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Токтогул Керимкулов студенттерге электрондук эсептөө машиналарынын физикалык процесстери жөнүндө ары пайдалуу, ары кызыктуу лекция окуп берди.

БАЛДАР ЖАНА САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЗАМАНЫ

Жумалыктын соңунда Окуу-усулдук комиссиянын окутуучулары даярдаган «Балдар жана санариптештирүү заманы» аттуу кереге кеңеште колледждин студенттери “Балдарга санариптик технологиялардын пайдасы, зыяны жана алардан коргонуу” деген темада өздөрүнүн докладдарын даярдашып, азыркы маалда болуп жаткан көйгөйлөрдү талкуулашты.

Ар жыл сайын өткөрүлүп келаткан бул жумалыктын жүрүшүндө студенттер эле эмес, окутуучулар да жаңылыктар менен таанышып турушат.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер