БЕШ КҮНДҮК ОКУУ АПТАСЫ БОЮНЧА ИШТЕГЕН МЕКТЕПТЕРГЕ 1-МАЙДАН 10-МАЙГА ЧЕЙИН ДЕМ АЛЫШ

  • 27.04.2022
  • 0

КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №212 токтомуна ылайык беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген бардык мамлекеттик жана муниципалдык жалпы орто билим берүү уюмдары (мектептер), мектепке чейинки билим берүү уюмдары (бала бакчалар) жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары үчүн 2022-жылдын 1-майынан 10-майына чейин дем алыш күндөрү деп жарыяланды.

Беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген билим берүү уюмдарында 2022-жылдын 4-майында өтүлүүчү сабактар 2022-жылдын 30-апрелинде, 2022-жылдын 6-майындагы сабактар – 2022-жылдын 14-майында өтүлөт.

Ошондой эле 2, 3, 5 жана 9-майга туш келип, өтүлбөй калган сабактарды мектептердин администрациялары жакынкы күндөргө сабактардын кошумча жүгүртмөсүнө киргизүүгө тийиш.

Беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген жеке менчик билим берүү уюмдарынын жетекчилигине окуу процессин жогоруда көрсөтүлгөн токтомго ылайык уюштуруу сунушталат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер