БАЛДАР ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ

  • 23.01.2018
  • 0

Балдар — биздин келечегибиз! Экстремизмге, терроризмге жана кылмыштуулукка жол жок” деген иш-чара Ички иштер министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулууда. Анда балдарга кылмыштуулук, экстремизм жана терроризм тууралуу лекциялар окулуп, театралдаштырылган оюндар көрсөтүлөт.

ИИМдин маалыматы боюнча, жашы жете электер арасында кылмыштуулук, маңзатка берилүү мурдагыдай көп катталбаганы менен, мектепти мечитке алмаштырып, түрдүү диний агымдардын азгырыгына алданган өспүрүмдөр жок эмес. Иш-чаранын максаты — балдар арасында экстремизм менен терроризмдин жайылышынын алдын алуу болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер