БАЛДАР ТАРТКАН СҮРӨТ ЭМНЕНИ ТҮШҮНДҮРӨТ?

  • 10.09.2020
  • 0

Эртең Бишкекте “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата Bugupress маалымат агенттиги тарабынан чыгарылган “Балдардын тарткан сүрөттөрү эмнени түшүндүрөт?” китебинин бет ачары өтөт.

Китеп ата-энелерге, мугалимдерге, тарбиячыларга багытталган. Китепте балдардын эки жаштан тарта чиймелеп, сүрөт тарта баштаары жана ал сүрөттөр кандай маанини түшүндүрөөрү тууралуу илимий маалыматтар берилген. Китепти илимпоздор илимий материал катары дагы колдонсо болот.

Китептин түп нускасы түрк тилинде. Автору Илхами Саваш. Кыргыз тилине Айсулуу Койчубек кызы жана Кызжибек Чаткалбай кызы которгон.

Аталган долбоордун жетекчиси Жаныбек Абидетегиндин айтымында, баланы тарбиялардан мурун алардын жан дүйнөсүн, психологиясын, жөндөмүн билип алуу керек.

— Бул китеп ата-энелер, мугалимдер, тарбиячылар үчүн балдарын таанууда, алардын жан дүйнөсүн, кыялын, шыгын, мүмкүнчүлүгүн билүүдө жол көрсөткүч болуп берет”,- дейт.

Белгилей кетсек, Bugupress маалымат агенттиги буга чейин “Грузия кантип реформа жасай алды”, “Кылычсыз самурай” китептерин кыргыз тилинде басып чыгарган.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер