БАЛДАР МЕНЕН КИТЕП ОКУУНУН ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНГҮҢ КЕЛЕБИ?

  • 09.06.2020
  • 0

Бүгүн саат 17.00дө Онлайн Университети платформасынын Балдар жана ата-эне лабораториясы кезектегиБалдар менен китеп окуунун ыкмаларыдеген пайдалуу жана кызыктуу вебинар уюштурууда.

БАЛДАР МЕНЕН КИТЕП ОКУУНУН ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНГҮҢ КЕЛЕБИ?

Вебинарда спикер, балдар жазуучусу, балдардын чыгармачылыгын арттыруу адиси Алтын Капалова балдар менен китеп аркылуу баарлашуунун ыкмалары, аларды китеп дүйнөсүнө кызыктыруунун жолдору,  технологиянын доорунда балдарды китеп окууга тартуу жөнүндө ыкмаларды айтып берет.

Ошондой эле ал балдарга китеп окуп берүүнүн техникасы, китеп окууну театр, мультфильм жана башка көркөм өнөр чыгармаларына айлантуунун тажрыйбалары менен бөлүшүп, ал тажрыйбаларды ата-энелер кантип колдонсо болору тууралуу ойлорун ортого салат.

 

Вебинардын шилтемеси:

https://zoom.us/j/95774636043?pwd=eVVZUXN2STh1c0JteVRGNzl2YUhiUT09

Конференциянын идентификатору: 95774636043

Паролу: 813815

 

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/onlineuniversitykg/

Инстаграм: onlineuniversity.kg

Ютуб: https://www.youtube.com/channel/UCCxjXfD5x3Se5hI_GVM-t7g

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер