БАЛДАР КАРТАДАН ДҮЙНӨ ТААНЫШАТ

  • 18.05.2021
  • 0

Карасуулук иштемчил мугалим Назира Шайлиева балдарды телефондон алаксытуунун жөнөкөй, бирок ошол эле учурда пайдалуу жолун тапты.

БАЛДАР КАРТАДАН ДҮЙНӨ ТААНЫШАТ

Чыгармачыл мугалимдин айтуусунда, өзү жетекчилик кылган 6-класска География предмети быйылкы окуу жылында жаңы кирди. Ошого карабастан, билимге ынтызар балдар бул кызыктуу предмет аркылуу дүйнө таанымын өстүрүшүп, окууда эң жакшы ийгиликтерге жетишти.

— Окуучуларымдын аракетин көрүп туруп, бир чети аларга ыраазы болуп, ар бирине мотивация катары дүйнө картасын белекке бердим, — дейт Назира эжей.

БАЛДАР КАРТАДАН ДҮЙНӨ ТААНЫШАТ

Угушубузда учурда балдар телефон оюндарын азыраак ойноп, көпчүлүк учурларда бир туугандары менен карта аркылуу дүйнөгө саякат жасашып, ким кайсы өлкөгө окууга барарын айтып, азыртан кыялданып жатышыптыр.

— Дубалда илинген карта балдардын дүйнө таануусун гана кеңейтпестен, ошол эле учурда аларга максат коюп жашоону да үйрөтөт экен, — дейт демилгечи мугалим.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер