«БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ»

  • 01.06.2020
  • 0

Онлайн Университетинин Балдар жана ата-эне лабораториясы 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо  күнүнө карата бүгүн «Балдар дүйнөсүнө саякат» аттуу майрамдык программа өткөрдү.  

"БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ"

Майрамдык программада изилдөөчү Ж. Сокурова кыргыз балдар адабияты тууралуу маалымат берип, андан соң классик акындар А.Осмоновдун, Т.Кожомбердиевдин, Т.Самудиновдун, Т.Мукановдун ж.б. балдарга арнаган ырлары окулду. Мындан тышкары Ы.Кадыров, А.Эгембердиева, Г.Станалиева, А.Көкөева сыяктуу акындар балдарга арналган ырларын, кыска аңгемелерин окуп беришти.

Иш-чарага Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жашаган балдар да катышып, кыргыз, орус, немис жана италя тилдеринде ыр окушуп, обондуу ырларды да аткарып беришти.

Эске салсак, Онлайн Университетинин Балдар жана ата-эне лабораториясы муундар арасындагы байланыштар, үй-бүлө, ата-эне, балдар маселелери, анын ичинде балдарды китепке, искусствого кызыктыруу жана технология заманында балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тарбия берүү маселелери боюнча кеңеш берүү максатында түзүлгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер