«БАЛАЛЫК» ЖАНА «НАРИСТЕ» БАЛДАРГА ЖАРДАМЧЫ

  • 07.03.2025
  • 0

2025-окуу жылында 2018-жылы жана 2019-жылы төрөлгөн балдар мектепке баруу үчүн электрондук каттоого алынат. 2018-жылдын аягында төрөлгөн балдар кандай болот? Бала бакчага барбаган балдар кандай даярдыктан өтүшү керек? Ушул жана башка суроолорго жооп берүүсүн өтүнүп, КР билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымовага кайрылдык.«БАЛАЛЫК» ЖАНА «НАРИСТЕ»  БАЛДАРГА ЖАРДАМЧЫ

– Быйылкы жаңы окуу жылында 1-класска кимдер барат?

– Сентябрда 2018-жылы жана 2019-жылы төрөлгөн балдар мектепке барат. Анын ичинен 2018-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөндөр – 2-класска, 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинкилер 1-класска кирет. Анын ичинен 2018-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөндөр – 2-класска, 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинкилер 1-класска кирет.

– 1-2-класстын окуучулары жаңы окуу жылында кандай окуу программасы менен окушат?

– Учурда мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип, долбоору коомдук талкууга коюлду. Андан кийин мектептик предметтик стандарттар чыгат, андан кийин китептер, окуу усулдук колдонмолор иштелүүдө.

– Беш жарым-алты жаштагы балдарды ата-энеси мектепке жибербей, бала бакчада калтырып кое алышабы? Эгер бул мүмкүн болсо, анда ал бала келерки жылы кайсы класска барат?

– Беш жарым жаштагы балдар эгерде сентябрь айына карата алты жашка чыга элек болсо, окуу жылынын аягына чейин бала бакчанын жогорку тайпасында кала алат жана кийинки жылы 1-класска барат. Эгерде сентябрга чейин алты жашка чыккан болсо, бала бакчада калбайт, анткени мамлекеттик билим берүү стандартында алты жашка чыккан балдар 1-класска барат деп так көрсөтүлгөн. Андыктан ата-эне ден соолугу чың баласын 1-класска бергенге укуктуу.

– Бала бакчаларда 1-класстар болобу? Бул кандай негизде болот?

– Бала бакчаларда негизинен 1-класстар болбойт, бирок мектептер, класстар жетишпеген айрым учурларда мектептин кошумча имараты курулганга чейин бала бакчалардын имараттарын убактылуу колдонуп тура алат. Балдар электрондук каттоо аркылуу мектепке кабыл алынып, ошол мектепке комплектөө болот. Ал балдар кабыл алынган мектептин окуучусу болуп эсептелет жана аларды ошол мектептин мугалимдери окутат.

– Ата-энелер балдары бала бакчада «Наристе» программасынан окугандыгын кантип тастыктай алат? Буга сертификат же башка бир документ берилеби?

– «Наристе» программасы — мектепке чейинки билим берүүгө тартылбай калган 5-7 жашка чейинки балдар үчүн даярдалган программа. Ал эми бала бакчага барып жүргөн балдар үчүн «Балалык» программасы иштейт. Аларга сертификат берилбейт, бирок алар автоматтык түрдө даярдоо тайпасынан өтүп, мектепке даярдоо программасын окугандыктан, 2-класска отурат. Аларга тестирлөө жүргүзүлбөйт, сертификат да берилбейт. Мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн тараптар менчигинин түрүнө карабастан, https://balalyk.edu.gov.kg/ сайтында катталып, жеке кабинетинен каттоодон өткөн соң, балдардын жеке маалыматтарын базага киргизиши керек. База системасы автоматтык түрдө балдарды 2-класска кабыл алат.

– 1-2-класска бара турган балдарга кандай талаптар коюлат?

– 1-2-класска бара турган балдардын жаш курагы боюнча гана талаптар коюлат. Эгерде «Наристе» программасынан өтсө же бала бакчанын даярдоо тайпасында окуган болсо, анда ал балдар 2-класска кабыл алынат.

– Мектептер балдарды кабыл алып жатканда тест менен текшереби же баланын жаш курагы эле жетиштүүбү?

–- Негизинен баланын жаш курагы жетиштүү. Бала кайсы класска отура турганы анын кайсы программаны окугандыгына байланыштуу болот. Балдарга тестирлөө жүргүзүлбөйт, бул мыйзам менен тыюу салынган.

– Алты жаштагы балдар мектепке барганга даярбы?

– Мурдагы эски мыйзамда да бала 6-7 жаштагы балдар 1-класска кабыл алынат деп жазылган. Азыркы учурда Кыргызстанда алты жаштагы 49 миң бала 1-класста окуп жатат. Жаңы моделге өткөндө алты жаштагы балдарга жеңилдетилген, мектепке ыңгайлашкан оюндар аркылуу сабактар берилет, ал сабактар бала бакчанын даярдоо тайпасындагы программадан бир аз айырмаланган жеңил сабактар.

– 1- класста окуучулар эмнени, кантип, канча саат окуйт?

– Мамлекеттик билим берүү стандарттары иштелип чыккандан кийин көлөмү, минутасы так аныкталат, жеңилдетилген шартта оюн аркылуу сабактар өтүлөт.

– Физикалык жактан да, моралдык жактан да даяр эмес балдар кандай болот?

– Биринчи кезекте баланын даярдыгы жана ата-энесинин чечими эске алынат. Беш жаштагы бала бала бакчада калууга укуктуу, биринчиден, аларды мектепке кабыл албайт. Бала азыр беш жашта болуп сентябрь айынын аягына чейин алты жашка чыкса, мектепке кабыл алынышы мүмкүн. Кокустан ата-энеси даяр эмес деп чечсе, анда кийинки жылы жети жаштагы бала менен 1-класска барат. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар медициналык кароолордон өткөрүлүп, атайын адистердин тыянагына жараша чечим кабыл алынат. Акыл-эси, кабыл алуусу жакшы балдар башка балдар сыяктуу эле жалпы негизде мектепке бара алат.

Расмий маалыматтарга таянсак, учурда 1-класста алты жаштагы 49 миң бала билим алууда. Ал эми даярдоо тайпаларында 38 миң бала болсо, нөлүнчү класстан 78 миң бала өтүп жатат. Эч кандай программага тартылбаган балдардын саны болжолдуу эсеп менен 3 миңдин тегерегинде, алар негизинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, ички тышкы миграциянын натыйжасында мектепке даярдоого тартылбай калгандар.

Министрликтин адиси билдиргендей, ден соолугунан жабыркаган балдар абалына жараша медициналык адистердин тыянагы менен атайын билим берүү мекемелерине чегерилсе, мектепке даярдоо курстарынан өтпөй калган, бирок жаш курагы мектепке туура келген балдар жогорудагыдай эле шартта мектепке кабыл алынат.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер