БАЛДАР БАҢГИЗАТКА КАРШЫ!
- 21.09.2023
- 0
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында “Биз баңгиликке каршыбыз!” деген темада иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүнүн депутаттар кеңешинин төрөгасы К.Умурбаев, милициянын майору У.Акунов, Аламүдүн районунун прокурорунун жардамчысы Н.Мухамедова, Аламүдүн районунун социалдык өнүктүрүү жана эмгек башкармалыгынын адиси С.Асанбаева, Аламүдүн РИИБнын участкалык инспектору, милициянын капитаны Б.Кыялбекова ж.б. катышты. Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын директору Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги А.Омурова иш-чарага келген расмий өкүлдөрдү окуучуларга тааныштырган соң, милициянын жаш жардамчыларынын курама командасы “Биз баңгиликке каршыбыз!” деген тема боюнча презентация көрсөттү.
Бул теманы талкуулоо, анын зыяны, терс көрүнүштөрү тууралуу маалыматтарды таратуу өтө маанилүү экендигин жакшы түшүнгөн окуучулар мектептин “Драм” ийриминин катышуучуларынын жардамы менен “Баңгичиликтин үстүнөн сот жүргүзүү” деген темада ролдук оюн көрсөтүп беришти. Мектептин “Сахна кеби” ийриминин катышуучуларынын бул темадан четте калбай “Кайдыгерлик” ырын көркөм окуп бергени да көрүүчүлөрдү кайдигер калтырган жок.
Иш-чара “Бангизат” деген темада даярдалган видео тасма менен коштолду.
Келген меймандар окуучуларга темага ылайык окуяларды айтып берип, окуучуларды түз жүрүүгө, жаман адаттардан алыс болууга үндөштү.
А.САРИЕВА,
Аламүдүн району,
Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиянын
директорунун тарбия иштери боюнча орун басары.
Комментарийлер