БАЛДАР АДАБИЯТЫН ЖАРАТУУЧУЛАР, БАРСЫҢАРБЫ?

  • 17.02.2020
  • 0

Балдар адабиятын өнүктүрүү багытында Кыргызстандын JIA Бизнес-ассоциациясынын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен “Ою жатык, тили жетик муун үчүн” сынагы жарыяланды. Сынакты “РухЭш сайты өткөрөт.

Кыргыз тилдүү акын-жазуучулар арасында балдар адабиятын өнүктүрүү максатында уюшулган бул сынак “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына арналып өткөрүлмөкчү.

Сынактын шарттары боюнча, ага мурда эч жерде жарыяланбаган чыгармалар гана кабыл алынат жана авторлордун жаш курагы чектелбейт. Эң башкысы: чыгармалар балдарга ынанымдуу, балдар ийкемдүү кабыл алаар тилде жазылууга тийиш.

Балдар үчүн жазылган жомок, аңгеме, ыр жана тамсил түрүндөгү чыгармалар [email protected] дареги аркылуу конкурс жарыяланган күндөн тарта кабыл алынат.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер