“БАЛАЖАН” ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛАТ

  • 22.06.2023
  • 0

23-июндан 29-июнга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде “Ысык-Көл балдардын көзү менен” Эл аралык балдардын коомдук уюмдарынын жана бирикмелеринин лидерлеринин жолугушуусу өтөт.

“БАЛАЖАН” ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛАТ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору  Кыргызстандагы Биринчи ЮНЕСКО клубу менен биргеликте жыл сайын балдардын коомдук уюмдарынын жана бирикмелеринин лидерлеринин эл аралык жыйынын өткөрүп турат. Быйылкы иш-чарага Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын бардык аймактарындагы 21 кошумча билим берүү уюмдарынын 9 жаштан 17 жашка чейинки 400дөн ашык лидерлери жана жаш сүрөтчүлөрү катышат.

Мындай жолугушууну башкы максаты — балдарды жана өспүрүмдөрдү коомдук жана социалдык маанилүү иштерге, активдүү турмуштук позицияга кызыгуусун арттыруу.  Бул өзгөчө санариптештирүү доорунда балдар убактысынын көбүн компьютерде өткөрүп жаткан учурда өтө маанилүү.  Иш-чара коммуникациялык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, адамдык мамилелерде толеранттуулукка, кыргыздын жана башка элдердин тарыхын, маданиятын, каада-салтын сүйүүгө тарбиялоого багытталган.

Жолугушуунун алкагында, мастер-класстар, алдыңкы бизнесмендер жана ишкерлер, өлкөдөгү ийгиликтүү стартаптардын негиздөөчүлөрү менен интерактивдүү панелдик талкуулар болот. Мисалы, Oc00 Codify Lab негиздөөчүсү Динара Руслан, IP Six Box негиздөөчүсү Калмурат Джангазиев,  Oc0O NEO Capital тын тең негиздөөчүсү/башкы директору Маматкадыров Санжар, Oc0O Royal Construction курулуш компаниясынын коммерциялык директору Садыров Бектур, Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин IT жана бизнес колледжинин доценттери, Codify Lab маркетологдору өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Кыргызстан менен Казакстандын белгилүү сүрөтчүлөрү жаш сүрөтчүлөр үчүн пленэр практикасын өткөрүшөт.

100дөн ашык таэквондочулар таза абада машыгышат.  Ошондой эле бардык катышуучулар Ысык-Көлдүн жээгинде активдүү эс алышат. Алар үчүн кандай көңүл ачуучу иш-чаралар: мелдештер, бизнес-оюндар,  бий флешмобдору, ыр үйрөнүү конкурстары уюштурулат.

 

 

АЙГЕРИМ ТОКТОБАЕВА, “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер