“БАЛАЖАН: ЭС АЛУУ ЖАНА ӨНҮГҮҮ

  • 29.06.2023
  • 0

23-июндан 29-июнга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде “Ысык-Көл балдардын көзү менен” балдардын коомдук уюмдарынын жана бирикмелеринин лидерлеринин эл аралык слёту өтүүдө.

“БАЛАЖАН: ЭС АЛУУ ЖАНА ӨНҮГҮҮ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору биргеликте жыл сайын өткөрүп келген иш-чара быйыл Казакстандын жана Кыргызстандын бардык аймактарындагы 21 кошумча билим берүү уюмдарынын 9 жаштан 17 жашка чейинки 400дөн ашык лидерлери жана жаш сүрөтчүлөрү катышууда.

Мындай жолугушууну башкы максаты — балдарды жана өспүрүмдөрдү коомдук жана социалдык маанилүү иштерге, активдүү турмуштук позицияга кызыгуусун арттыруу. Бул өзгөчө санариптештирүү доорунда балдар убактысынын көбүн компьютерде өткөрүп жаткан учурда өтө маанилүү. Иш-чара коммуникациялык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, адамдык мамилелерде толеранттуулукка, кыргыздын жана башка элдердин тарыхын, маданиятын, каада-салтын сүйүүгө тарбиялоого багытталган.

Жолугушуунун алкагында, көл өнөрчүлүк жана сүрөт чеберчилигин арттырган мастер-класстар өткөрүлүүчү. Өлкөнүн алдыңкы жана ири компанияларынын негиздөчүлөрү стартаперлер үчүн бизнес түптөө жана өнүктүрүү багытында тренингдерди өткөрүүдө. Маселен, Oc00 Codify Lab негиздөөчүсү Динара Руслан, IP Six Box негиздөөчүсү Калмурат Джангазиев, Oc0O NEO Capital тын тең негиздөөчүсү/башкы директору Маматкадыров Санжар, Oc0O Royal Construction курулуш компаниясынын коммерциялык директору Садыров Бектур, Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин IT жана бизнес колледжинин доценттери, Codify Lab маркетологдору өз тажрыйбалары менен бөлүшсө, Кыргызстан менен Казакстандын Балдар көркөм-сүрөт мектебинин окутуучулары жаш сүрөтчүлөр үчүн пленэрдик практикасын өткөрүүдө.

100дөн ашык таэквондочулар таза абада машыгат. Ошондой эле бардык катышуучулар Ысык-Көлдүн жээгинде активдүү эс алышат. Балдар үчүн күн сайын ар кандай көңүл ачуучу иш-чаралар: мелдештер, бизнес-оюндар, бий флешмобдору, ыр үйрөнүү конкурстары ж.б уюштурулуп турат.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер