«БАЛАЖАН» ДОСТОРУ ЖАНА КРЕАТИВДҮҮ БАЛДАРГА КАМКОРДУК
- 22.07.2019
- 0
Ысык-Көлдө Билим берүү жана илим министрлиги жана “Балажан” эстетикалык борбору уюштурган кошумча билим берүү боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция ишин аяктады.
“Креативдүү балдарды колдоо жана өнүктүрүү — билим берүүнү модернизациялоонун маанилүү фактору” деп аталып, “Барчын” лагеринде өткөн конференцияга Россиянын, Казакстандын, Ɵзбекстандын жана Литванын окумуштуулары, педагогдору катышты.
Эки күнгө созулган иш чаранын жүрүшүндө азыркы замандагы кошумча билим берүүнүн актуалдуу маселелери жана теориялык-практикалык өнүттөрү жөнүндө баяндамалар жана талкуулар болду.
Конференцияда “Балажан” эстетикалык тарбия борбору менен Россиянын, Казакстандын, Ɵзбекстандын кошумча билим берүү уюмдарынын ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду.
Конференциянын катышуучулары “Балажан” борборунун кошумча билим берүү багытындагы ишмердигин жогору баалашып, аны улуттук макамдагы эстетикалык тарбия борбору деп атоо жана анын ээлигине мурдакы пионер сарайын алып берүү жөнүндө сунуш менен Кыргыз өкмөтүнө кайрылуу боюнча бүтүмгө келишти.
“Балажан” эстетикалык тарбия борбору көп жылдан бери жайында Ысык-Көлдө эл аралык интеллектуалдык жолугушууларды өткөрүп келе жатат. 2017-жылы “Балажандын” демилгеси менен кыргызстандык, россиялык, казакстандык, беларустук уюмдардын чечими менен Кошумча билим берүү боюнча евразиялык ассоциация түзүлгөн. Анын президенти болуп “Балажандын” директору Дария Мусина шайланган.
Бир эле учурда “Барчын” лагеринде жогоруда аталган өлкөлөрдүн таланттуу балдарынын “Ысык-Көл досторун чакырат” этнолагери өтүп жатат. Кыргызстандын аймактарынан, Казакстан, Россиядан келген таланттуу окуучулар ар кандай конкурстарда өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат. Эл аралык конференциянын катышуучулары этнокарнавалдын тандалган өнөрпөздөрүнүн гала-концертине күбө болушту.
Комментарийлер