БАЛАСЫН МЕКТЕПКЕ КАТТАЙ АЛБАЙ ЖАТКАН АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЖАРДАМ

  • 16.08.2022
  • 0

15-августтан тартып Бишкек шаарындагы мектептерге баласын 1-класска каттай албай жаткан ата-энелер атайын топко арыз жазып кайрыла алат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Министрлик жаңы окуу жылы башталарына аз калгандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте баласын 1-класска каттоого жетишпей калган же каттоо учурунда көйгөй жаралган ата-энелерге көмөк көргөзүү үчүн атайын топ түздү. Аталган топ аптасына эки жолу билим берүү бөлүмүнө келип, калтырылган арыздарды жеринде карап турушмакчы. Ата-энелер анын негизинде тиешелүү микроучастогу боюнча катталуусуна байланышкан маалымат менен камсыз болот.

Каалоочулар дүйшөмбүдөн жумага чейин тиешелүү микроучастогу боюнча райондук билим берүү бөлүмүнө келип арызын калтырса болот. Даттануулар эртең мененки саат 8:30дан 17:30га чейин кабыл алынат.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер