«БАЛАНЫН ЖЫЛМАЮУСУ — ААЛАМДЫН ЖЫЛМАЮУСУ»

  • 11.05.2020
  • 0

Учурдагы кырдаалга байланыштуу онлайн окуп жаткан окуучуларга, алар менен иш алып барып жаткан мугалимдерге жана балдары менен бирге окуп, тапшырмаларын көзөмөлдөп жаткан ата-энелерге арналган «Баланын жылмаюусу — Ааламдын жылмаюусу» аттуу вебинар бүгүн саат 21:30да болот. 

"БАЛАНЫН ЖЫЛМАЮУСУ - ААЛАМДЫН ЖЫЛМАЮУСУ"

Онлайн окуу учурунда ата-эне, окуучу, мугалим ортосундагы тыгыз байланыш, бири-бирин түшүнүү, бала тарбиялоодо үч бурчтук формуласы менен иш алып баруу ыкмасын колдонуу актуалдуулугун арттырууда.

— АТА-ЭНЕ

— ОКУУЧУ

— МУГАЛИМ

Ушул багытта сиздерге  онлайн-талкуу форматында Кыргыз этнопедагогикасынын көрүнүктүү изилдөөчүсү, профессор Акматали Алимбеков, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов, Nazarbayev университетинин профессору Дүйшөн Шаматов, КРнын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов жана теолог, психолог Ибраев Мамбетасан  пайдалуу кеңештерди бермекчи.

Онлайн-семинарга Zoom тиркемеси аркылуу кирип, төмөндөгү идентификатор аркылуу катышууга болот⬇️⬇️⬇️

Конференциянын идентификатору: 753 0114 7323

Пароль: 027847

“Бала мээримге, туура таалим-тарбияга бөлөнүп, анын билим алуусуна жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулган болсо, ал өнүгүү үстүндө болот. Демек, баланын көзү жакшы нерселерди көргөндө башкаларга мээрим менен мамиле кылганга, кулагы жагымдуу сөзгө тунганда сылык сүйлөгөнгө, туура багытта билим алганда ийгилик жаратканга жетишип, мыкты инсан болуп калыптанат. Келиңиздер, өлкөгө өз салымын кошчу инсандарды тарбиялоого бирге салым кошолу”, — дешет уюштуруучулар.

Бөлүшүү

Комментарийлер