БАЛАЛЫКТА СЕБИЛГЕН ҮРӨН (Окуучуларга өнөр үйрөтүүдөгү тажрыйбамдан)

  • 02.05.2023
  • 0

Балдарга өнөр үйрөтүү эң ыйык кесиптердин бири. Бекеринен «Өнөрлүү өлбөйт», «Өнөрүң болсо өргө чап» деген накыл кептер айтылбаган чыгар. Жыйырма жылдан бери бул кесиптин ысык-суугуна көнүп келем. Муну менен бирге Алай театрында спектаклдерди коюп, живопись жана скульптура жаатында да эмгектенип келем. Кээде жазуучулук жана котормочулук эргүү келип калса, клавиатураларды термелеп сөз берметтерин издей баштайм. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей, дагы бир топ өнөрлөрдү жуурулуштуруп, аларга үлгүрүп жатканымдын сырын өзүм да билчү эмесмин.

БАЛАЛЫКТА СЕБИЛГЕН ҮРӨН (Окуучуларга өнөр үйрөтүүдөгү тажрыйбамдан)

Башат

 

Көрсө бардык нерсе балалыктан башталат экен. Балалык – айдалып, малаланып үрөн себүүгө даяр турган эгин талаасы сыяктуу. Баланын жаш кездеги кызыгуу менен алек болгон нерсеси кийинки жашоосуна түздөн-түз таасир бере турганын өз тажрыйбамдан көрдүм.

Мен кичинекей кезимде апамдын сайган саймаларына үңүлө тиктеп, суктануу менен карап отурчумун. Ыраматылык энем болсо тери ийлеп, тон жасачу эле. Кокту-колоттордон бор таштарды терип келип, от жакканда көң менен кошо калап, бышкан таштарды балка менен бир-эки жолу урганда күбүлүп ундай болуп быркырап кетчү. Анан аны сууга аралаштырса кадимки алебастр, гипс сыяктуу катуу абалга келип калчу. Аны менен теринин майларын кетирип, терини аппак кылып агартчу эле. Бул технологияны энемден мыктылап үйрөнүп алгам. Түрдүү формадагы дары-дармектердин шишелеринин чогултуп, сыртынан бор таштан жасалган алебастр менен чаптап ар кыл вазаларды жасачумун. Бор таштын өзү жумшак болгондуктан, мык, өгөө же курч темир менен оюп ар түрдүү нерселердин сөлөкөттөрүн жасайт элем. Бир жолу пионерлер үйүнө шахмат ойноп барып калдым. Ал жерде сүрөт ийримин көрүп, издеген олжом өзү табылгандай болду. Майраш деген эжеке сабак берчү эле. Ошентип Майраш эжекем Бишкектеги (ал учурда Фрунзе шаары болчу) сүрөт жатак-мектебине жолдомо берген. Сүрөтчүлүктүн үрөнү ушинтип себилген болчу…

5-6-класста окусам керек. Датасы так эсимде жок. Фрунзедеги М. Жангазиев атындагы куурчак театры Ооганстандагы кыргыз балдарына барып кайтканда, биздин айылга да бурулду. Ошондо “Жаргак кулак шайтан” спектаклин көрсөтүшкөнү эсимде калыптыр. Аябай таасирленгем. Үйгө келип алып, Айдар деген досум менен куурчактарды жасап, караңгы сарайдын ичине стол, табуреткалардан чакан сахна жасап көчөдөгү балдарга куурчак спекталдерди койгонубуз көз алдымда тартылып турат. «Алтын шакек», «Алдар көсө», «Апендинин жоруктары» сыяктуу репертуарларыбыз бар болчу. Ошентип театрдык, сценографиялык үрөндөр жан дүйнөмө ушинтип себилген экен…

 

Исламда сүрөт тартууга тыюу салынганбы?

 

Кээ бирлери: «Мусулманчылыкта сүрөт тартууга болбойт эле го!» – деп чыгышы мүмкүн. Бул суроого жыйырма жылга жакын изденүү менен Ыйык Курандан жообун таптым. Кыскача айта кетсем, Ислам дини адам баласын кыйынчылыкка салбайт, тескерисинче түмөн түйшүк бүдөмүк ойлордон эркиндикке чыгарат. Жашоого кең көз караш менен кароого үйрөтөт. Өзүн гана ойлоодон тыйып, өзгөлөргө да кам көрүүгө үндөйт. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын доорунда адамдар ар кандай буттарга, сөлөкөттөргө сыйынышып, Жалгыз Кудайды даңктаган таза ишениминен алыстап кетишкен эле. Ошондуктан Ислам дининде бутпарастыкка абдан катуу тыюу салынып, эң чоң күнөө катары эсептелет. Ошол доорлордо сүрөтчү, же айкелчи дегенде дароо эле буттарды жасаган адамдар эске келчү.

Ал эми кооздук үчүн сүрөт тартып, айкелдерди жасоого Ыйык Куранда эч кандай тыюу жок. Тескерисинче, айкелдерди жасоого мүмкүн болгон ишаараттар бар. Маида сүрөсүнүн 110-аятында мындай айтылат:

«…Менин уруксатым менен ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөгөндө, Менин уруксатым менен ал (жандуу) куш болуп калды…» Бул аятта Иса пайгамбар ылайдан куш жасагандыгы тууралуу айтылып жатат. Албетте, чоподон жасалган айкел! Бул айкел Алланын кудурети менен жандуу куш болуп калды. Кудайдын улуу пайгамбарларынын бири Иса пайгамбар өз колу менен чоподон айкел жасап жатпайбы. Жараткан Аллах Өз пайгамбарына арам нерсе менен мужиза көрсөтүүгө жол бермекпи? Албетте, жок! Азыркы учурда да айкелчилер оболу айкелдин моделин пластилинден же кадимки эле чоподон жасап алышат эмеспи.

Ал эми Курандагы “Саба” сүрөөсүнүн 13-аятында:

«Алар анын каалагандарын: бийик сарайларды, АЙКЕЛДЕРДИ, көл сыяктуу табактарды, жерге бекемделген чоң казандарды (жана башкаларды) жасашты. «(Эй) Дауддун урпактары! Бизге шүгүрчүлүк кылгыла!» Бирок пенделеримден шүгүр кылуучулар аз», – деп Сулайман пайгамбардын доорунда да айкелдерди жасаткандыгын көрсөтүп жатат. Бул аят ачык түрдө Алланын пайгамбары Сулайман пайгамбардын айкел жасатууга буйрук бергендигин көрсөтүп турат. Эч бир пайгамбар АРАМ болгон нерсени буйрубайт. Тескерисинче, бул аяттын аягында бул иштерди жасагандарга, ошондой талант, жөндөм берген Аллага ШҮГҮР кылуу керектиги баяндалып жатат. Ошондой эле аз гана адамдар шүгүр кылаары да эскертилген. Эми сөздү ушул жерден кыскартайын. Бул тема боюнча кызыккандар болсо, Фейсбуктагы баракчамдан «Ислам жана сүрөт искусствосу» деген макаламды толук окуй алышат…

 

Изденүүнүн жемиши

БАЛАЛЫКТА СЕБИЛГЕН ҮРӨН (Окуучуларга өнөр үйрөтүүдөгү тажрыйбамдан)

Учурда ошол үрөндөрдүн айрым түшүмдөрүн көрүп жатам. Сүрөт жатак-мектебин, Көркөм сүрөт академиясын бүтүрүп, Алай райондук С. Дооронов атындагы балдар искусство мектебинде балдарга өнөр үйрөтүп, билим берип жатам. Аны менен бирге Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын башкы сүрөтчүсү катары 20 жылдан ашуун эмгектенип, 23 спектаклди сахналаштырдым. Райондук, облустук, республикалык маданий-массалык иш-чараларга активдүү катышып, маданияттын мыкты кызматкери, А.Арефьев, А.Торопов жана С.Асанбеков атындагы сыйлыктардын ээси болдум. Китеп жазуу жана котормо жаатында да ондогон китептердин жазуучусу жана котормочусу болдум. Ошентип балалык чакта себилген үрөндөр өз түшүмдөрүн берип жатат.

Окуучуларыма ар дайым ой өрүшүңөрдү кеңейткиле, көп окуп, көбүрөөк изденгиле деп кеңеш айтып келем. Ар бир адам өзүчө личность болгондуктан, ар ким өз үрөнүн өзү себет. Бирок, ата-энелер менен мугалимдер балдарга туура багыт көрсөтүп турган компас сыяктуу өз учурунда баалуу кеңештерин берип турушу керек. Анткени, адамды чөйрө бузат. Баланы чыгармачыл, өндүрүшчүл чөйрөгө кошуу керек. Бала эмнеге кызыкса, аны ошол багытта улам дем берип, шыктандырып туруу зарыл. Бул жаатта ата-эне менен мугалим бирдей аракет кылбаса, ийгиликке жетүү кыйын болот.

Эми балдарды кантип тандоо керек? Сабакты кантип эффективдүү өтүү керек? Балдарды кантип сабакка кызыктыруу керек? деген суроолорго келсек, оболу баланын эмнеге жөндөмү бар, эмнеге кызыгат ошол жагына маани берүү керек. Эгер бала сүрөт тартууга, чыгармачылыкка, жаратмандыкка кызыкдар болсо, андай баладан жакшы окуучу чыгат. Таланттуу балдарды жана алардын жакшы эмгектерин соцтармактарга, гезиттерге чыгарып жарыя кылып туруу менен аларга мыкты дем, мыкты мотивация болот. Конкурстарда диплом, грамота алган баланын да кызыгуусу улам күчөйт. Ар бир сабакта окуучу жаңы бир нерсе, жаңы маалымат, же жаңы бир техника үйрөнө турган болсо, анын сабакка болгон кызыгуусу арта берет. Балдардын табияты абдан назик болгондуктан, алардын көңүлүн түшүрүп алса, кийин аны оңдоо абдан оор болот. Сабакты мүмкүн болушунча практика жүзүндө, ар бир баланын жаш курагына жараша кызыктырып өткөнгө аракет кылуу керек. Күн жылуу кезде пленэрге чыгып, ачык асман алдында сүрөт тартуу да балдар үчүн кызыктуу. Чопо, таш, агынды сыяктуу табигый материалдар менен баланын жан-дүйнөсүнүн түпкүрүндө уктап жаткан сезимдерин козгой билүү дасыккан мугалимдердин тажрыйбасынан болуп саналат. Ошондой эле шартка жараша ар кандай интерактивдүү усулдарды пайдаланып слайд, видео материалдарды керектүү учурларда колдоно билүү керек. Кызыктуу сабак – мугалимдин изденүүсүнө көз каранды…

Бардык кесиптештериме чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

БАЛАЛЫКТА СЕБИЛГЕН ҮРӨН (Окуучуларга өнөр үйрөтүүдөгү тажрыйбамдан)

Чыныбек Козукеев

Алай райондук С. Дооронов атындагы балдар искусство мектебинин сүрөт мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер