“БАЛАЛЫК” ПРОГРАММАСЫ ЖАҢЫЛАНАТ

  • 14.05.2025
  • 0

Үч сааттык бала бакчалар канчага чейин уланат? 12 жылдык билим берүүдө “Балалык” программасы мурдагыдай эле өтүлөбү? Мына ушул жана башка суроолорго КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида КАСЫМОВА жооп берет.

  1. Билим башаты бала бакчадан башталат эмеспи, бала бакчаларга да компьютерлерди берсеңиздер эң сонун болот эле. Негизи эле бала бакчаларга көбүрөөк көңүл бурулса.

Жооп: Албетте, Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү тармагынын бардык формаларын өнүктүрүүгө абдан жакшы көңүл буруп жатат. Алсак, учурда үй тибиндеги бала бакчаларды жеңилдетилген шартта, өрт коопсуздугун сактоо жана санитардык нормаларын сактоо менен ачса болот. Андан тышкары, менчик бала бакча курууга, ремонт иштерин жүргүзүүгө жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Мамлекеттик билим берүү стандарты, программалар жаңыланып жатат.

Министрлик бала бакчалардын техникалык жана башка материалдык базасын камсыздап бере албайт. Себеби, Министрлер Кабинетинин “Айыл аймактарынын жана шаарларынын жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу билим берүү уюмдарын КР Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджетинен каржылоого которуу” жөнүндөгү № 302 Токтомунун 6-пунктунда эмгек акыдан тышкаркы чыгымдардын баарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржыланат деп белгиленген.

  1. Бала бакча жетекчилеринин айлыктары аябай эле аз, көпчүлүгү 15 миң сомдун тегерегинде эле айлык алат. Жетекчилеринин айлыктары качан көбөйөт?

Жооп: Бул күн тартибиндеги маселе. Буга чейин Каржы министрлигине бала бакча жетекчилеринин эмгек акысын жогорулатуу тууралуу токтом долбоору макулдашууга жөнөтүлгөн. Арийне, Каржы министрлиги каржылоо булактарын так аныктагандан кийин эмгек акыны көтөрүү маселеси каралат, азырынча каралбайт деген каршы пикирин билдирген.

  1. Бала бакчаларга канцелярия алып берүү каралабы? Мектептер алат, ал эми бала бакчаларга берилбейт.

Жооп: Министрлер Кабинетинин жогоруда белгиленген №302 Токтомго ылайык, канцеляриялык товарлар жергиликтүү орган тарабынан берилиши керек.

  1. Бала бакчалардын жетекчилерине да ноутбук берилеби?

Жооп: Бала бакча жетекчилерине ноутбуктар азырынча берилбейт.

  1. Үч сааттык бала бакчалардын келечеги боюнча маалымат берип койсоңуздар. Канчага чейин уланат?

Жооп: Үч сааттык бала бакчалар акысыз болуп эсептелет, мамлекет тарабынан ал жакта иштеген кызматкерлердин эмгек акысы каржыланып берилет, ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан ошол имарат жайды күтүү, коммуналдык төлөмдөрдү каржылоо чыгымдары каралат. Кыска мөөнөттүү бала бакчалар билим берүү гана компоненти менен камсыздалгандыктан, балдар акысыз бара алат. Мындай бала бакчалардын саны көбөйүшү мүмкүн, анткени 10 сааттык бала бакчалардын акысын төлөй албаган ата-энелер, балдарын үч сааттык акысыз негизде окуткан бала бакчаларга берсе болот.

  1. 12 жылдык билим берүүдө мектепке чейинки мекемелерде кандай өзгөрүүлөр болот? “Балалык” программасы мурдагыдай эле өтүлөбү?

Жооп: 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө негизги өзгөчөлүгү – бала бакчаларда алты жашка чейинки бөбөктөр болот. Мамлекеттик билим берүү стандарты, санитардык нормалар өзгөрөт. Мындан ары бала бакчада балдар алты жашка чейин гана боло алат, эгерде окуу жылдын ортосунда алты жашка чыкса, жыл аягына чейин кала алат. Сентябрга чейин алтыга чыккан балдар сөзсүз түрдө 1-класска мектепке кетүүгө тийиш.

Ал эми “Балалык” программасы кайрадан өзгөртүлүп жаңыланып түзүлөт. Азыркы учурда теорияга эмес, практикага айкалышкан жаңы, улуттук наркка негизделген “Балалык” программасы кайрадан иштелип жатат.

  1. Бала бакчаларда ата-энелердин төлөмүн тендер жок эле, бала бакчанын өзүнө берсе кандай болот? Себеби, азык-түлүктөр сапатсыз болууда.

Жооп: Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашын уюштуруу боюнча Токтом Министрлер Кабинетинин кароосунда турат. Токтом чыккандан кийин тамак-ашты уюштуруу боюнча процесстер жөнгө салынат.

Даярдаган Айнагүл КАШЫБАЕВА,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер