БАЛАЛЫК БАЙЫРЛАГАН «БАЛАСТАН»

  • 07.07.2020
  • 0

Кара-Көл шаарындагы «Баластан» бала бакчасынын бүгүнкү ийгиликтеринде анын биринчи директору Розакан Койчукараеванын эмгеги зор экенини кеп башынан белгилей кетели.

БАЛАЛЫК БАЙЫРЛАГАН "БАЛАСТАН"

Койчукараева Розакан 1953-жылы 11-декабрда Токтогул районуна караштуу Кодул айылында туулган. 1970-жылы 1-Май орто мектебин бүтүрүп, Фрунзе шаарындагы В.В Маяковский атындагы педагогикалык институтка тапшырат.

БАЛАЛЫК БАЙЫРЛАГАН "БАЛАСТАН"

Институтту 1974-жылы ийгиликтүү аяктап, мектепке чейинки педагогика жана психология боюнча окутуучусу квалификациясына ээ болот.  Роза эжей эмгек жолун пионер вожатый болуп иштөөдөн баштаган.

1976-1977-жылдары Токтогул районундагы №1 бала бакчада тарбиячы, 1977- жылдын июль айынан баштап Кара-Көл шаарындагы Нарын ГЭСтин №7  бала бакчасында мектепке даярдоо группасында тарбиячы жана мектепке чейинки билим берүү методисти, 1986-жылы №4 Д. Шопоков атындагы орто мектебинде педагог-уюштуруучу, 1990-жылдан баштап Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүндө балдарды коргоо боюнча инспектор болуп иштеген.

1994-жылдан шаардагы №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте башталгыч класстарынын окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.

Үзүрлүү эмгеги жана билим берүүдөгү жогорку иш-тажрыйбалары  үчүн шаардык билим берүү бөлүмүнүн, шаардык мэриянын, Нарын ГЭСтин эки жолку Ардак Грамотасына, төш белгисине, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына, «Эл агартуунун отличниги» төш белгисине жана көптөгөн ыраазычылык каттарга татыктуу болгон.

БАЛАЛЫК БАЙЫРЛАГАН "БАЛАСТАН"

Агартуунун алдыңкысы Роза Койчукараева жаңыдан түптөлгөн «Баластан» бала бакчасын  2015-жылдын январь айынан тартып 2019- жылдын октябрь айына чейин жетектеп келди.

БАЛАЛЫК БАЙЫРЛАГАН "БАЛАСТАН"

Шаардын борборунда жайгашкан «Баластан» бала бакчасы шаардык кеңештин, мэриянын жардамы менен  2015-жылдын январь айында ачылган.

Шаардагы 300 орундуу 10 тайпага эсептелген тарбия мекемесин  уюштуруу албетте, жеңил-желпи болгон жок

БАЛАЛЫК БАЙЫРЛАГАН "БАЛАСТАН"

Шаардык билим берүү бөлүмү жаңы бакчаны түптөө, аны заман талабына жараша уюштуруу ишин агартуунун казанында кайнап, анын ысык-суугуна бышкан, мыкты педагог Роза Койчукараевага тапшырганы туура болуптур.

БАЛАЛЫК БАЙЫРЛАГАН "БАЛАСТАН"

Демилгечил жетекчи шаар элинин бала бакчага болгон муктаждыгын жакшы билчү.  Ата-энелер, коомчулук өкүлдөрү менен сүйлөшүп, болочок бала бакчага мүмкүн болушунча көбүрөөк баланы алууга өзгөчө маани берди.

БАЛАЛЫК БАЙЫРЛАГАН "БАЛАСТАН"

Бир жагы ошол тушта «Бакча ачылса, баламды, кызымды берет элем» дегендер шаарда көп болду.
Издемчил директор бала бакча формасы жагынан гана эмес, мазмуну боюнча да башкалардан башкача болушун каалады. Мектепке чейинки таалим-тарбиянын терең сырларын камтыган кызыктуу адабияттарды издеп окуп,  шаарда иштеп жаткан бала бакчалардын алдыңкы тажрыйбасы менен жакындан таанышып чыкты.

БАЛАЛЫК БАЙЫРЛАГАН "БАЛАСТАН"

Кадр маселеси эң чечүүчү фактор экенине маани берип, тарбиячылык ишти, баарынан мурун балдарды жанындай көргөн педагогдорду өз айланасына топтоду.

БАЛАЛЫК БАЙЫРЛАГАН "БАЛАСТАН"
Бүгүнкү күндө Роза эжей түптөгөн бала   бакчада 20 тарбиячы, 10 тарбиячынын жардамчысы,  медайым,  музыкант, эки орус тили мугалими, завхоз, эки ашпозчу, жалпысынан 45 жумушчу-кызматкер эмгектенет.

БАЛАЛЫК БАЙЫРЛАГАН "БАЛАСТАН"

Энергетиктер шаарчасындагы эң ири балдар мекемесинде тарбиялануучулар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Сыртта балдар ойноочу аянтчалар курулуп, клумбалар көрктөндүрүлүп, бактар өстүрүлдү.
Иштемчил директордун багыттоосу менен тарбиячылар эң эле алгачкы күндөн тартып майнаптуу иштешти.

Жаңы бакчанын жемиштүү эмгеги көзгө илинип, көп өтпөй «Кадамыбыз балдар менен» деген темада областтык семинар өттү. Семинардын жыйынтыгында,  интерактивдуу усулдарды байма-бай колдонуп сабак өтүшкөн тарбиячылар  областтык Билим берүү борборунун Ардак Грамоталарына ээ болушуп,. бул сабактардын иштелмелери «Кут Билим» жана «Кутбилим сабак» газеталарында жарык көрдү. Ошондой эле балдар үчүн Куурчак театры уюштурулду.

2018-жылы  улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата «Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары биздин бакчада» деген темада шаардык денгээлде семинар өткөрүлүп, улуу жазуучунун чыгармалары жөнүндө педагог-тарбиячылардын жана балдардын эмгектеринен турган көргөзмө уюштурулду.

Тарбиячы Ергалиева Күндүз Чыңгыз Айтматовдун «Чыпалак бала» жомогун сахналаштырса, Маленова  Лариса «Бугу эне» жомогу боюнча мыкты  ачык сабак өттү.

Мамлекеттик тилде таалим-тарбия берген бала бакчанын тарбиячылары шаардык, областык, республикалык конкурстарга катышып байгелуу орундарды багындырып келет.

БАЛАЛЫК БАЙЫРЛАГАН "БАЛАСТАН"

Республикалык «Мугалим коомдун күзгүсү- 2018» аттуу сынакта тарбиячы Исабекова Айзада «Ажарлуу мугалим» номинациясына ээ болуп 3-орунду, «Жылдын мыкты профкому -2018» сынагында Кошалиева Кундуз 2-орунду, «Спорттук шерине- 2018» оюндарына карата «Баластан» спорттук командасы волейбол боюнча жарышта 3-орунду ээлеген.

«Жаш адистердин декадасында тарбиячы Бекташова Изат шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак Грамотасына ээ болду.

2016-жылы «Наристелерге жаңы технологиялар менен сабак өтүү аркылуу билим сапатын жогорулатуу» аттуу областтык семинарда №2 мектепке даярдоо тобунун тарбиячысы Мамаева Нуржамал «Балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү» деген темада сабак өтүп, областык Билим берүү борборунун Ардак граммотасы менен сыйланды.

БАЛАЛЫК БАЙЫРЛАГАН "БАЛАСТАН"

№2 жогорку топтун тарбиячысы Бабаканова Назгүл сөз өстүрүү
сабагы боюнча «Жыл мезгилдеринин өзгөчөлүктөрү» деген темада ачык сабак өтүп, кесиптештеринин жогорку баасын алды. Ошол сабактын иштелмеси «Кут Билим» газетасында жарык көрүп, тарбиячы областык Билим берүү борборунун Ардак грамотасына ээ болду.

БАЛАЛЫК БАЙЫРЛАГАН "БАЛАСТАН"

№2 орто топтун тарбиячысы Тажибаева Самара Улуу Жениш майрамын утурлай «Жеңиш күнү» деген темада утренник өтсө, №2 мектепке даярдоо тобунун тарбиячысы Мвмаева Нуржамал «Мен мектепке даярмын» интеллектуалдык оюнун ата-энелердин активдүү катышуусунда уюштурду.

Методикалык кабинетте тарбиячылардын кенешмелери өтүп турат. Бакчада секциялык иштер, жаш адистерге жардам берүү, ата-энелер чогулуштары, тегерек стол жана утренниктерди өткөрүү жакшы жолго коюлган.  Тарбиячылардын  куурчак театры бир айда эки жолу балдарга  оюн-зоок тартуулап турат.

Педагогикалык кенешме квартал сайын өтүлүп, «Наристе 480» жана «Балалык» программаларына ылайык иш-чаралар жүргүзүлөт.

Мындан сырткары, бакчада шаардык Билим берүү бөлүмүнө караштуу методист адистер менен биргеликте бир  топ иш-чаралар уюштурулат.
Балдардын ден соолугуна, туура тамактануусуна медайым  көзөмөл жүргүзөт.

Бакчадагы балдарды тарбиялап өстүрүүдө мында  иштеп жаткан ар бир  жумушчу-кызматкердин эмгеги зор.
Жай мезгилинде балдардын ден соолугун чындоо үчүн таза абада жүрүү,  күнгө кактануу жана суу процедуралары колдонулат.

Балалык байырлаган «Баластан» бала бакчасынын тарбиячылары:
«Дайыма асман ачык болсун!
Дайыма жанымда апам болсун!
Дайыма мен болоюн! – деген ой-тилек менен жашап, «Кадамыбыз балдар менен» деген девиз менен тыным билбей иштеп келишет.

     — Жүрөгү замандын ыргагы менен бирге согуп, анын үнүн жалпы элге жеткирип, ошол ыргакта элди тарбиялай турган кесип ээси — бул педагогдор. Педагог баланы кандай тарбияласа, улуттун уул-кызы ошондой болот. Ошондуктан, педагогдордун эмгеги ар бир өлкө  жана улут үчүн абдан маанилүү. Мына  ушундай улуу кесипти  аркалаган кесиптештеримдин түмөн түйшүктүү иштеринде ийгиликтер көп болсо дейм, — дейт «Баластан» бала бакчасынын биринчи директору Роза Койчукараева.

А. Алибеков, «»Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер