БАЛАГА КОЛ КӨТӨРҮҮ — ЗОМБУЛУК ЖАНА КЫЛМЫШ!

  • 04.12.2024
  • 0

Сузактагы Багыш айыл аймагында жайгашкан «Кенжетай» бала бакчасында бөбөктөрдү сабап жаткан бала бакчанын ашканасынан тартылган видео чагылгандай тарап, коомчулуктун кыжырын ого бетер күчөттү. Тарбиячынын кичинекей бөбөктү сабаганы бир тең, аларга берген шылдыраң суу бир тең болду окшойт. Жада калса түрмөдө дагы кылмышкерлерге мындай тамак берилбесе керек деп соцтармактын колдонуучулары жазып чыгышты. Айрымдарынын пикирин берүүнү туура көрдүк. (Колдонуучулардын пикири өзгөртүлбөй берилди, болгону орфографиялык, пунктуациялык каталар оңдолду).

БАЛАГА КОЛ КӨТӨРҮҮ - ЗОМБУЛУК ЖАНА КЫЛМЫШ!

Соцтармакта эмне кеп?

Бадалкан Ташбаева

Ушу да тамакпы, кантип берип жатышат, курсактары тойбой деле ыйлашат го, акмак аялды колун сындырып, өзүнө ичиргиле шылдыраган сууну.

Замира Бекботоева

Ошол Сузактын районосунун жетекчиси да жазага тартылуусу керек. Акча жеп… эч кандай текшерүү, контроль болбосо керек. Иштеген эмес. Ошонун результаты биринчиден!

Дакан Бакалбаева

Бардык мамлекеттик бала бакчаларды көзөмөлгө алуу керек. Адал, даамдуу тамак ичкен балдардын да зээни жакшы болот эмеспи. Жийиркене турган көрүнүш, жетишкен заман деп коебуз, балдардын ырыскыларынан өөнөшүп. Жооп беришсин!Ар бирибизде бала бар.

С. Жолдош

“Айткан кишинин оозу жаман» – дебей, чара көрүш керек.

Мира Иманалиева

Тамагын ташымактан талаада калышсын, балдарга тийбесин, бети жок алжыган эшектер акчасын очойто алып атышат, бети жоктор, колуң сынгырлар, соттош керек айбандарды.

Гулнара Кайдылдаева

Түштүктө бышыкчылык жерде балдарга ушундай тамак берсе өтө жаман экен. Балдардын ырыскысына кантип кол салышат, акмактар.

Мырзайым Доморова

Ушундай акмакчылыкка жол берген жетекчисин баш кылып, калгандарын төш кылып баарын токтоосуз жумуштан айдаш керек.

Жылдыз Ордобаева

Жакшы жашоонун кунун кетирген кандай жетекчи? Кудайды караса боло, жетекчинин өзүн жедириш керек.

Айзада Аманкулова

Кух, чычкан өлүп жатат го. Кудай ай!

Мадина Жунусова

Частный садиктерди текшерип туруш керек!!! Тамактарды мизер беришет! 10 балага 2 кусок май!!! Меню жок! Котлет, пюре, первый, второй берчиле биз барганда! Азыр 7 миңден алышат. Тамагы эптеп-септеп! Текшерип штраф салып, жаптырыш керек! Балдар — биздин келечек!!!

Айнус Исакова

Бала бакча жетекчилигин элдин алдында бир суракка чакыргылачы кандай адам экен жүзүн көргөзүп акмакты? Кантип балдарга ушул тамактарды ыраа көрдү?  Ата-энелер да баласы эмне жеди билишпейт?

Махабат Атаканова

Байкуш жөжөлөр ий, ичкен тамагы тиги, анан таяк да жешип, ким тарткан болсо ушул видеону азаматсыз!

Салиха Абирова

Бардык бала бакчалар внезапно текшерилсин, билбейбиз балдарды кантип тамактандырып жатканын!

Майрам Анарбаева

Ушундай тамактанышса, анан кантип оорушпайт. Бөйрөк, боор оорусу көп кичинекей балдарда. Ужааас…

Зара Султанова

У детей организм формируется до 18, 20 лет. Они должны кушать самые полезные и качественные продукты. В детских садах должны работать над правильным питанием и общением развитие речью. Дальше знание и коммуникации и прочее занимается школа.

Нурлан Чомоев

Азыр бала бакча жаш балдардын зонасы эле болуп калган. Кадимки эле конвоирлер абакта жаткан адамга мамиле кылгандай эле мамиле кылышат. Бирөөнүн баласы өтө сүйкүмдүү, акылдуу болсо да, бөтөн адамга жагымсыз, сүйкүмсүз көрүнөт. Бул жаратылыш мыйзамы. Анан өзүнүн проблемасы башынан ашып, үйүндө тынчтык жок, эртең менен эри экөө аркырашып урушуп, башы ооруп келген тарбиячы бөтөн бала бакырып ыйлап, шымын булгап, чимкиригин чубалтып отурса, кыжыры миң эсе кайнап, кол көтөрүп уруп, кычуусун кандырып, стресс депрессиясын жаш баладан чыгарат да. Алы жеткенин алдуу баса калып, жеген заман. Ата-энелер строго контроль кылып туруу керек. Мен кичинекей кызымын садикке ушун үчүн бергеним жок. Үйдө эле тарбияланды. Эки эжеси, мен үчөөбүз жазганды, сүрөт тартканды, окуганды үйрөттүк. Быйыл мектепке барды.Тыкылдап окуп жатат. Садикте тарбия алган балдар а-у, у-а деп араң окуп баштады, а менин кызым шар окуйт. Оюн тайманбай айтат. Бакчадагы балдар кагуу жеп, токмок жей берип, мокок, өз оюн айта албай кала турганын байкадым …

Almagul Tabusheva

Келечек балдарда дейбиз… кылган мамилебиз бул… биз да кийин ушундайга туш болобуз, «эмне эксең, ошону аласың» дегендей. Балык башынан сасыйт дейт… заведующий барына күнөлүү… карабай, текшербей… же ошолор менен бирге барын үйүнө ташып кетчү… Анан эмнеге бүт жерде 1 кусоктон нан таратып коюшат?…

Мария Бекиева

Ушундай абал түндүк-түштүктө бирдей эле, анткени текшерүү жок, ошондуктан садиктин башчысы мурдун балта кеспей джип минип, кароолчусуна эшик ачтырып, түшкү тамакка гана келет да. Аз айлыкка машина эмес, велик ала албайт, анткени тамак бекер, орун сатылуу…

Зухра Карповна

Булардын баарын заведующисин баш кылып камаш керек!!! Айбанчылык!! Уялышпай дагы ата-энелеринен подарокторду үмүт кылышат!!!

Бактыгул Бешимбаева

Айылдагы бала бакчаларды жапырт текшерсе, баарынан эле ушундай көрүнүш чыгат. Балдар бакчадан ачка эле келишет. Санэпид неге текшербейт садикти?

Чолпон Байсеркеева

Тарбиячы кыз ушунун баарын көрүп туруп, чыдабаганынан интернетке чыгарды да… туура эле кылган экен… Балдардын ырыскысына кол салышкан тура, жетекчиси баш болуп…

Дуйшогул Жолоева

Балдардын убалы кимге? Акмактар өздөрүн сабап туруп, чычкандарды жедириш керек.

Света Осмонова

Жетекчисин баш кылып, жумушчуларын кошо отургузуп, именно ушул тамакты ичириш керек. Өздөрү ичишет бекен? Акмактар, балдардын ырыскысын кыйган, бети жоктор.

Замира Бекботоева

Кудай сакта, такыр эле. Балдарын ишенип берип коюп, кетип калбай, атайын родкомитет түзүлүп, кокус текшерип турса болмок, албетте! Наадан адамдар иштеген бакчага сөз жетпейт.

Мырзайым Доморова

Негизи эле бардык бала бакчаларды тынымы жок текшерип турбаса, акчаны очойто алышат, бирок жакшы тамак жасап бербей үйлөрүнө бөлүп, көтөрүп кетишкендер толтура. Бул болуп келген, болуп жатат жана боло берет. Балдардын тамагына кол салгандарды аёосуз жазалаш керек, бардык жерлерине ар бир кыймылы, үнү, сүйлөгөн сөздөрү видеого түшүп тура турган болсо, үйлөрүнө кетип атканда сумкаларын антарып, ийне-жибине дейре текшерип кетирчү, эч кимге ырайым кылбачу адамды коюуш керек.

Гулнура Исираилова

Өзүн коргой албаган кичине наристени уруу — зомбулук жана кылмыш болуп саналат. Тарбиячыларды ишке алаарда үйдө отурган, билими жок, куда-сөөк, тууган, иниси, жеңеси, итбайы-чотбайы дебей, алган билимин карап, психологиялык жактан текшерүүдөн өткөрүп, анан алынышы керек. Ал эми бул баланы урган тарбиячы деген атка дагы татыктуу эмес аял кишилерди экинчи мындай жумушка иштегис кылып ажыратып, жоопко тартылышы керек! Жана ошондой эле ушундай кадрларды алып, тазалыкты көзөмөлгө албай, же тамакты көзөмөлгө албай ашмалтайы чыккан бала бакчанын уялбай отурган директору дейбизби жумуштан алып, экинчи мындай кызматта отургус кылып кетириш керек!

Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер