БАЛА ТАРБИЯЛООДОГУ АДАШУУЛАР: МЕКТЕППИ ЖЕ ҮЙ-БҮЛӨБҮ?

  • 20.03.2019
  • 0

Мектеп окуучуларынын тарбиясындагы кемчиликтерди күн сайын байкаган, алардан арылуунун жолдорун түйшөлүп издеген, мугалим катары кесиптештерим менен өз оюмду бөлүшкүм келди. “Бала да, шок болот. Бир жерде тынч алып отура албайт. Көпчүлүк учурда чыр чыгарып жүрөт. Чоңойгон сайын токтолот” – деп көп айтабыз. Туура, али инсан катары калыптанып бүтө элек балдардын бараалына келгенде кадыресе адам болоору талашсыз. Бирок айрым учурда мугалимдерди өтө тынчсыздандырган иш аракеттерди жасап, начар жүрүш-турушу, жагымсыз мүнөзү менен көп тынымсыз маселе жаратып келген окуучулар бар.

БАЛА ТАРБИЯЛООДОГУ АДАШУУЛАР:  МЕКТЕППИ ЖЕ ҮЙ-БҮЛӨБҮ?

Андай проблемалуу балдар менен маектешип, алардын сүйлөгөн сөздөрүнөн, кыймыл-аракетинен, жүзүнөн кандай үй-бүлөдө тарбия алгандыгын боолголоп калганга педагогикалык тажрыйбам деле жетишерлик. Баланын психологиясын өздөштүрүүгө көп аракет жумшайм, ата-энесин чакырып аңгемелешип, баласын бирге тарбиялоону сунуштайм. Ошол проблемалуу балдардын тарбиясындагы адашууларга көп учурда ким күнөөлүү деген суроого жооп издеп келем. Албетте, мен мугалим катары, мугалимдин позициясында туруп тарбиядагы адашууга ата-энени көп күнөөлөйм. Мен байкаган проблемалуу балдарды төмөндөгүдөй типтештирем:

  • Чагымчы балдар (ушакчы);
  • Таарынчаак (ыйлаак) балдар;
  • Колу туткак (ууру) балдар;
  • Жалганчы балдар;
  • Тоңмоюн (кеп жебес) балдар;
  • «Соткебаш» балдар;
  • «Апасынын» баласы;
  • Арызчыл балдар ж.б.;

Мындай типтештирүүнү тизмеси бир топ. Мен алардын айрымдарын гана мисал келтирдим. Буларды кантип байкоого болот?

БАЛА ТАРБИЯЛООДОГУ АДАШУУЛАР:  МЕКТЕППИ ЖЕ ҮЙ-БҮЛӨБҮ?

ЧАГЫМЧЫ БАЛДАР (ушакчы)

Мындай балдар мектепте өтө көп проблема жаратышат. Мугалим менен ата-эненин, класстагы бир бала менен башка класстагы бир баланын ортосуна чагым салат, ушактайт. Эч качан болбогон окуяны үйүнө айтып барат, ата-энесинин мугалимди урушуусун, мугалимден үстүн туруусун каалап турат. Эки классташ баланын же кыздын ортосуна чагым салып, уруштуруп жиберүүнү да адатка айландырып алган. Ата-эненин кайсы туура эмес тарбиясы баланы ушул адатка үйрөтөт?

ТААРЫНЧААК БАЛДАР (ыйлаак)

Таарынчаак балдар, алардын ата-энелери менен тил табышуу да мугалимдин негизги проблемаларынын бир. Мындай балдар сөз көтөрө албайт, бир аз катуу сүйлөп койсоң эле дулдуюп, кабагын бүркөп олтуруп калат. Болбогон эле нерселерге таарына берет. Өзүмчүл болуп, бардык нерсе ал ойлогондой болуусун каалайт. Эч качан өзүнөн кемчилик сезбейт, ар дайым өзүнүкүн туура деп эсептейт да, болбогон нерсе үчүн чыр чыгарып үйүнө айтып барат. Эмне себептен окуучу ушундай таарынчаак, ыйлаак болуп калат?

КОЛУ ТУТКАК (УУРУ) БАЛДАР

Мындай балдардын келечеги өтө кооптуу. Тилекке каршы мектепте көп кездешчү учур. Өзүнүн эле бирге окуган классташтарынын акчасын, телефонун, же окуу куралдарын уурдап коет. Ал турсун айрым машыккандары дене тарбия үчүн кийинип-чечинүүчү каанага кирип кийимдерди аңтарып, чөнтөгүндөгүлөрдү чогултуп чыгып кеткен учурлар да кездешет. Мындай балдар өтө кылдат келишет, дайыма этияттанып турушат. Көп учурда жанынан акча үзүлбөйт. Мындай тарбия кайдан келип чыгышы мүмкүн?

ЖАЛГАНЧЫ БАЛДАР

Балдардагы эң жаман сапаты жалган айтуу. Мындай балдар каратып туруп эле түрдүү жалгандарды токуп киришет. Сүйлөгөндө көп жаңылышат. Азыр айтканын бир аздан кийин башкача айтат же башка дагы бир окуя кошуп коет. Анан дайыма чындык катары көрсөтүүгө аракет жасашат. Карганып да жиберишет. Туруктуу сүйлөбөгөндүктөн жаралган проблеманы чечүүдө мугалим көп кыйналат. Албетте, мындай тарбиянын булагы да үй-бүлөдөн болобу?

ТОҢМОЮН (КЕП ЖЕБЕС) БАЛДАР

Мындай балдар ар дайым өзүнө ишенимдүү жүрүшөт. Ар дайым лидер болгонго аракеттенишет. Өзүнө жакпаган сунушту, сынды кабыл алгысы келе бербейт. Мугалимдин эскертүүсүн, урушуусун кулагынын сыртынан кетирет. Эмнени жасагысы келсе ошону жасайт. Эч качан күнөөнү, кемчиликти мойнуна албайт. Мындай тарбия ата-эненин баласына ашыкча ишеним бергенден болсо керек?

«СОТКЕ БАШ» БАЛДАР

Учурдагы орчундуу көйгөй ушул. Балдардын дээрлик ар биринде чөнтөк телефон бар. Арзанын, интернетти көтөрбөнүн алып берсең макул болбойт. Кымбат баалуу смартфондор керек. Мындай балдар баш оту менен телефондун ичине кирип жашап калышат. Башын бүтүндөй сотка ээлейт. Ар кандай социалдык баракчалар, фильмдер, оюндар менен алек болушат. Мындай балдар китеп окугусу келбейт, сырткы кооздукка, айланага маани бербейт. Жалаң гана интернет менен жатып-туруп калышат. Анан кайсы бир күнү ошол жанындай көргөн буюмунан ажыратып көрүңүзчү. Трагедия ошондо башталат. Бул тарбиянын да түздөн түз себепчиси ата-эне эмеспи?

«АПАСЫНЫН БАЛАСЫ»

Мындай балдардын өзү эле эмес апасы да дайыма маселе жаратат. Мисалы, мектепке тынымсыз келип, баласына болушуп, урушпаган мугалими калбайт. Баласы да ошого көнүп калгандыктан болбогон эле нерселерди апасына айтып бара берет. Ар бир жасалган нерсе ошол балага негатив, ошол үчүн жасалган нерселер тескери аракеттей туюла берет. Анан апасынын үйрүлүп түшүшүн билет да, ар дайым жабыркоочу боло калат. Бул тарбиянын түздөн түз себепчиси баланын апасы эмеспи?

АРЫЗЧЫЛ БАЛДАР

Мындай балдар кичинекей нерсени да кимдир бирөөгө айтканды жакшы көрөт. Классташтарынын, досторунун үстүнөн тынымсыз мугалимине, мектеп жетекчилигине арыздана берет. Эч тажабайт. Кээде өзүнө тиешелүү болбосо да кимдир бирөөнүн үстүнөн арызданат. Бул анын адаты болуп калган.

Мындай тарбияга үйдөгү кайсы аракет себеп болот?

Балдар тарбиясындагы мындай өксүктөрдүн кичинекей гана мисалдары экендигин жогоруда белгиледим. Ата-эненин баласын ашыкча эркелетүүсү, күн сайын дасторкон үстүндө же үй-бүлөлүк маектешүүдө мугалим, мектеп жөнүндө негатив сүйлөгөндүгү, чектен ашыкча кам көрүүсү, үстүнө үйрүлүп түшүүсү, оозунан чыгып-чыга электе айтканын сатып бергендиги же тескерисинче болбогон нерсе үчүн кагып-силкүүсү, урушуусу, кол көтөрүүсү ушундай балдардын калыптанышын шарттайт. Балдар ушул адаттар менен чоңойсо кийин азабын тарат. Андыктан, биз мугалимдер тарбиядан байкаган өксүктөрдү дароо ата-энеге жеткирип, убагында чара көрүп калууга кам көрүшүбүз керек. Албетте тарбия берүүдөгү адашуулар үй-бүлөдөн, бирок мектеп да четте карап турбашы керек. Себеби баланы тарбиялоо биздин негизги миссиябыз.

Кыялбек Акматов,

педагогика илимдеринин кандидаты, доцент,  “Жетиген” мектеп-лицейинин директору

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер