БАЛА БАКЧАНЫН ӨЗДҮК ИМАРАТЫ ЖОК

  • 23.01.2018
  • 0

Лейлек районунун Голбо айылындагы «Керемет-Голбо» бала бакчасынын өздүк имараты жок, башка имаратты ижарага алып иштеп жатат. Бул тууралуу бала бакчанын жетекчиси Жумагүл Тилекеева маалымат каражаттарына билдирди.

БАЛА БАКЧАНЫН ӨЗДҮК ИМАРАТЫ ЖОК

Анын айтымында, мекемеде 57 жеткинчек тарбияланып, дагы 200дөй бала кезекте турат. «Керемет-Голбо» алгач жамаат болуп түзүлүп, азыр мамлекеттик болуп калган.

— Голбо айылында бала бакча жок болгондуктан, үйдү эле жамааттык балдар бакчасы кылып иштете баштадык. Кийин мамлекеттик болуп, ижара акысын мэрия төлөмөй болгон. Учурда 57 бала тарбияланып, 13 кызматкер иштейт. Бирок демөөрчү тартуу кыйын. Убактылуу турушса жасап берген нерселер же буюмдар жоголот деп кооптонушат. Айылда дагы 200дөй бала бакчага барбай үйдө отурат. Айылдагылар балдар бакчасына муктаж, — деди ал.

Мындан улам жергиликтүү бийлик өткөн жылы 50 орундуу балдар бакчасынын курулушун баштаган.

— Голбо айылындагы мектепке чейинки билим берүүнү камсыздоо максатында 21 млн. сомдук имараттын курулушун сентябрь айында баштаганбыз. Бул район аймагындагы 49 бала бакча болот, — деди Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов.

Бөлүшүү

Комментарийлер