БАЛА БАКЧАЛАРДА ЖЕҢИШ ЫРЛАРЫ ЖАҢЫРДЫ

  • 09.05.2021
  • 0

Улуу Жеңиштин 76 жылдык мааракеси Аксы районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында да татыктуу белгиленип жатат.

БАЛА БАКЧАЛАРДА ЖЕҢИШ ЫРЛАРЫ ЖАҢЫРДЫ

Тарбиячылар тарабынан даярдалган ыр, бий жана көркөм окуулар катышуучуларды кайдыгер калтырбай, алардын түйшүктүү иштерине ыраазы болушту. Жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо, эл үчүн кызмат кылуудан өткөн сыймыктуу иш жок экендигине бала бакчадан тартып ынандыруу — учурдун талабы экендигин туура түшүнгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлери аталган майрамды татыктуу белгилөөнү колго алышкан.

БАЛА БАКЧАЛАРДА ЖЕҢИШ ЫРЛАРЫ ЖАҢЫРДЫ

Балдар бакчасында жакшы саамалыктар, алгылыктуу иштер семинарларды өткөрүү аркылуу иш тажрыйба катары жайылтылып келет. Бул иштерди уюштурууда райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчу Мырзаканова Махабат балдар бакчалардын жетекчилери менен биргеликте үзгүлтүксүз иш алып барууда.

Узен Атаканов, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер