БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНЫН ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 24.01.2025
  • 0

24-январда  Билим берүү жана илим министрлигинде Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын долбоорун талкуулоо боюнча жыйын өттү.

БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНЫН ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Иш-чарага министрдин орун басарлары Надира Джусупбекова, Расул Абазбек уулу, билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, педагогикалык багыттагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНЫН ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Жолугушуунун максаты — жалпы билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде предметтик стандарттарды иштеп чыгууга карата талаптарды жөнгө салуучу бирдиктүү документти түзүү.

Министрдин орун басары Надира Джусупбекова жаңы стандарттын иштелип чыгышын «тарыхый учур» деп атады: «Биз стандарттарды биргелешип талкуулап жатабыз, анткени дал ушул ЖОЖдор бала бакчалар жана мектептер үчүн педагогдорду даярдайт. Буюрса, сиздер өз программаларыңарды карап чыгып, аларга маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизесиңер», — деп белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер