БАЛА БАКЧАГА КАНЧАЛЫК ЭРТЕ БАРСА, КАЙТАРЫМЫ ОШОНЧО ЭРТЕ БОЛОТ
- 28.08.2023
- 0
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Санарип билим берүү жана жашыл көндүмдөр” темасын камтыган педагогдордун август кеңешмесинде сүйлөгөн сөзүндө билим берүү коомчулугу суверендүү билим берүүнүн жаңы стандартына өтүү алдында тургандыгын баса белгиледи.
Бала бакча менен камсыздоо жыл сайын 10% өсөт
Министр өз сөзүндө суверендүү билим берүүнүн жаңы стандартына өтүүгө жол ачкан КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” жаңы мыйзамынын бир нече артыкчылыктарын атап өттү. Алардын эң негизгилеринин бири — мектепке чейинки билим берүүгө приоритет берүү. Тагыраак айтканда, менчиктин түрүнө карабастан мектепке чейинки билим берүүгө тоскоол болгон бюрократтык механизмдердин алынышы менен, ушул кезге чейин таңсык болуп келген бала бакчалардын санын көбөйтүү.
— Жаңы мыйзамда менчик бала бакча ачууга тоскоол болгон бардык документтер жокко чыгарылды. Бала бакчага барган баланын өнүгүүсү бала бакчага барбаган баладан кадыресе айырмаланат. Мисалы, Уругвайда беш жашынан баштап билим бере баштайт. Себеби баланын ушул жашта кабылдоосу 12 эсе күчтүү болот экен. Эгерде бала бакчага барган балага 1 доллар жумшасак, кийин ал бала мамлекетке 16 доллар киреше берет экен. Бизнесте 16 эсе киреше берген бир да тармак жок” – деди ал.
Статистика боюнча 2012-жылы бөбөктөрдү бала бакчага тартуу деңгээли 12% болсо, он жылдан кийин бул көрсөткүч 10% көтөрүлгөн, азыр 24-26% айланасында болууда.
Министр өз сөзүндө сентябрь-октябрда өтө турган Өкмөттүк кеңешмеде мектепке чейинки билим берүүнү мамлекеттин стратегиясы катары таануу менен, балдарды бала бакча менен камсыздоону жыл сайын 10% жогорулатуу боюнча олуттуу сөз болорун, ага жетишүүнүн беш-алты каржы булактары бар экендигин белгиледи. Биринчиден, административдик-аймактык реформа боюнча бошогон 220 имаратты бала бакчага айландыруу, экинчиден, 700 мамлекеттик мүлктүн ичинен ылайыктуусун бала бакча ачууга болорун айтты. Андан тышкары, иштеп жаткан бала бакчалардын ичинен эле аянтчаларды кеңейтүү да каралууда. Дагы бир алгылыктуу жолу – быйыл майдан баштап Бишкектин эки районунда пилоттук долбоор катары иштеген өкмөттүк акселераторлор программасы республикага кеңири жайылтылмакчы. Дагы бир жолу – бул жарандык шериктештик кызматташтыгы аркылуу жер-жерлерде жеке менчик бала бакчаларды ачуу ж.б.
Жеке ишкерлер колдоо көрсөтүп, өз демилгелери менен мамлекетке шериктештик кызматташтыгын көрсөтүүнүн негизинде жер-жерлерде бала бакчаларды ачып жатышканына күбө болуп келатабыз. Алардын бири жакында эле Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айылында ачылган. Жеке ишкер Шавкат Зулпукаров ”Бурабия эне” атындагы 100 орундук бала бакчаны өз каражатынын эсебинен куруп, муниципалдык менчикке өткөрүп берген. Буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскон айылында ачылганы эсибизде. Ошондой эле бала бакча Ош облусунун Кара-Кулжа районунда да ачылуу алдында турат.
Расмий маалыматтар боюнча учурда 1834 бала бакча иштейт. Республика боюнча бала бакчанын саны өткөн жылга салыштырмалуу 122 бала бакча көбөйдү.
Бала бакчада бош орундарды көбөйтүүнүн дагы бир жолу
Август кеңешмесине Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айылынан келген Салима Караева өзүнүн айылындагы “Көпөлөк” бала бакчасынын башчысы болуп иштеп келатканына тогуз жыл болду. Ал 1978-жылы Ош педагогикалык институтун аяктаган соң, Чаңгыр-Таш айылындагы мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, мектеп директору болуп иштеген. Салима Караеванын билим берүү тармагына сиңирген эмгегин жана тажрыйбасын жогору баалаган жердештери жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги 2014-жылы бала бакчага башчы болуу сунушу менен кайрылган. 1968-жылы курулган бала бакчанын имараты эскирип, кыйрап каларда, аны жаңыртуу боюнча төрт жолу долбоор жазган. Ошентип жергиликтүү бийликтин, жердештеринин жана райондук администрация жетекчилигин жакындан колдоосу менен 170 орундук бала бакча бүгүнкү күндө жаркырап иштеп келатат. Кара-Дарыя өрөөнү боюнча алты бала бакча бар болгондуктан, бала бакча жетиштүү.
Алыскы аймактарда бала бакчалар жетиштүү болсо, борбор калаада жана борборго канатташ жайгашкан райондордо бала бакча мурдагыдай эле жетишпейт. Бала бакча тартыштыгы боюнча көйгөйлүү ойлорун ортого салган дагы бир катышуучу Клара Шаршенбаева Аламүдүн районундагы Пригородное айыл өкмөтүнө караштуу “Теремок” бала бакчасынын башчысы болуп иштейт.
— Бизде төрт айылга бир эле бала бакча бар. Орундар жетишпей жаткандыгы тууралуу айтпаса да түшүнүктүү чыгар. Мен жетектеген бала бакча 140 орундук, учурда ага 290 бала келет. Электрондук кезекте 360 бала турат, бирок алар баары бир кире албай кала берери айдан ачык. Тилекке каршы, биз бул жагдайды ата-энелерге түшүндүрүп жеткире албай келебиз. Алар баласын электрондук кезекке койсо эле сөзсүз кабыл алынат деп ойлошот. Бакчадан 10-15 бала чыгып кеткен күндө деле орун бошобойт, анткени нормадан ашыкча алынган балдарыбыз бар да. Электрондук кезекке тура албаган дагы 600 бала бар, — дейт.
Клара Шаршенбаеванын айтымында, эгерде бала бакчалардагы даярдоо тайпаларын мектепте өткөрүп берсе, бала бакчаларда орундар бошомок да, маселе чечилмек.
— Менин оюмча, балдарга 12 жылдык билим берүүнү эртерээк киргизгенибиз туура болот. Азыр бала бакчага караганда мектептер көп курулуп жатат. Мисалга алсак, биздин эле Пригородное айыл өкмөтүндө үч мектеп курулууда. Мына ушундай учурда бала бакчанын даярдоо тайпасындагы балдар мектепке 0 класска кетсе, бир топ орун бошойт. Ушуну мыйзамдаштырып койсо эле бала бакча маселеси чечилип калмак, — деген сунушун ортого салды.
Клара айым өзүнүн сөзүндө мугалим кесиптештерин жаңы окуу жылынын башталышы, айрыкча, сентябрдан баштап айлыктары көбөйгөн мектеп директорлорун, окуу бөлүм башчыларын куттуктоо менен бирге, сөз арасында алар менен түйшүктөрү бирдей бала бакча башчыларынын да айлыктары көтөрүлсө жакшы болот эле деген оюн кыстара кетти.
Мектепке чейинки билим берүүгө артыкчылык берилип, жаңы мыйзам ишке кириши менен ата-энелерди балдарын бала бакчага орноштуруу баш оорусунан арылса, мектептеги класстарда 40-50дөн окуучу олтурган тыгындар жоголсо, билим сапаты да жогорулап, билим берүү тармагы чындап эле приоритеттүү тармакка айланары анык.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер