БАЛА БАКЧАДАГЫ СЕМИНАР

  • 14.11.2018
  • 0

Жакында Ак-Суу районуна караштуу Сары-Камыш айылындагы «Ынтымак» бала бакчасында райондун бала бакча башчыларынын семинары болуп өттү.

БАЛА БАКЧАДАГЫ СЕМИНАР

Уюштурулган семинардын негизги темалары болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыкыс байланышта иштешүүнүн жолдору жана тарбиялануучуларды туура тамактандыруунун шарттары жөнүндө тажрыйба алмашуу, пикир алышуу жана аталган бала бакчадагы жетишилген ийгиликтер жөнүндө кеӊири сөз болду.

Бала бакча башчысы Анара Мамбетова жана профсоюздук уюмдун төрайымы Бактыгүл Асанбаева  айыл өкмөтү, айылдык кеӊештин депутаттары менен үч тараптуу келишимдин негизинде турмушка ашырылып жатка ниш чаралар жөнүндө кеӊири маалымат беришти. Андан соӊ бала бакчанын тарбиячылары тарабынан жаш жеткинчектер менен иш алып баруу боюнча көрсөтмө саат өткөрүштү.

БАЛА БАКЧАДАГЫ СЕМИНАР

Семинардын үчүнчү бөлүгүндө бала бакчада тарбия алып жаткан балдарды туура тамактандыруу маселеси кандай жол менен турмушка ашырылып жаткандыгын кеӊири айтып, көрсөтүп беришти.

Семинардын катышуучулары да бул иш чарага активдүү катышышып, өз ой пикирлерин ортого салышты. Семинарга Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Кереге-таш айыл өкмөтүнүн кызматкерлери да катышты.

Жибек Жунушева, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер