БАЛА БАКЧАДАГЫ ЧОҢ ЖЫЛЫШТАР
- 30.12.2024
- 0
Бир жыл ичинде бөбөктөрдү бала бакча менен камтуу 28,3%дан 44,3%га чейин жетти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жыл жыйынтыгына арналган маалымат жыйында билдирди.
Билим берүү тармагында бир жыл ичинде аткарылган иштер жана алдыдагы пландар менен бөлүшкөн министр айым бала бакчадан тартып, мектепте, кесиптик билим берүү жана жогорку билим берүүдөгү ийгиликтерге кеңири токтолду.
— Мектепке чейинки билим берүү деңгээлинде алсак, 2024-жыл — мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатууда чоң жылыштардын жылы болду. 302 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды, өкмөттүк акселератордун алкагында 257 үй-бүлөлүк бала бакча түзүлдү. Бала бакчалардагы уктоочу жайларды кайра форматтоого жана кошумча топторду түзүүгө 1,5 млрд. сом бөлүндү. Ошондой эле китепканалардын базасында 50 эрте өнүктүрүү борборлорун ачуу, бала бакчаларды курууга жана оңдоого 70 млн сомго чейин мамлекеттик жеңилдетилген насыяларды берүү, бала бакчаларды лицензиясыз ачуу укугун камсыздоо, алты жаштагы балдарды бардык жерде жана милдеттүү түрдө окутуу менен камтуу, көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарында бала бакчаларды ачуу укугу жана башкалар. Мына ушул чаралардын бардыгы бир жылдын ичинде мектепке чейинки билим берүүнү камтууну 28,3%дан 44,3%га чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Бул совет мезгилине караганда 150 миң балага көп, — деди министр.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 70 пайыздан 100 пайызга жеткирүүдө жана сапатын жакшыртууда чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы пайдаланылат жана дагы 100 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат жана балдарды камтууну көбөйтүү үчүн иштеп жаткан 570 бала бакчаны трансформациялоо жүрөт, 2024-жылы бул процесс 14 бала бакчада апробацияланган.
Министрлик үстүбүздөгү жылы ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлорду улантуу аркылуу жогоруда айтылган деңгээлге жетишүүнү мерчемдеп турат: атап айтсак, аймактарда өкмөттүк акселераторду кеңейтүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 1000 балага ваучердик каржылоо механизмин тестирлөө, мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы Мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү ошондой эле 3-5 жаштагы балдар үчүн “Балалык” мектепке чейинки билим берүү программасын жаңылоо, мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн инструменттерди иштеп чыгуу жана жаш балдардын өнүгүүсүн баалоо боюнча улуттук изилдөө жүргүзүү .
Маалымат жыйында министр кийинки мезгилде бала бакчаларда катталган зордук-зомбулуктарды четтетүү боюнча министрлик тарабынан көрүлүп жаткан чараларды белгилеп өттү.
— Тилекке каршы, балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү сыяктуу көйгөйлөрдү каттап жатабыз. Буга байланыштуу балдар үчүн коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу зарыл. Биз мониторинг жүргүзүп, учурда мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалардын 63% видеокөзөмөл менен жабдылганын аныктадык. Жергиликтүү бийликтин жардамы менен бул көрсөткүчтү 2025-жылы 100% жеткирүү зарыл. Биз өзүбүз тараптан билим берүү мекемесинин кызматкерлерине жана ата-энелерге инструктаждык жана методикалык жардам көрсөтүүгө даярбыз, — деди Догдуркүл Кендирбаева.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер