БАЛА БАКЧА ОҢДОЛУП-ТҮЗӨЛҮП ЖАТАТ
- 04.11.2022
- 0
Бишкек шаарындагы №8 мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2022-жылдын декабрында бүтүрүү пландалууда.
Маалыматка ылайык, бала бакчанын эки кабаттуу имараты 120 орундуу, төрт тайпага ылайыкталган. Имараттын аянты — 483,42 чарчы метр.
Бүгүнкү күндө инженердик коммуникация тармактарын орнотуу иштери аяктады. Бала бакчанын ички жана тышкы жасалгасы, аймагын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бала бакчада ар бир тайпага өзүнчө аянтчалар курулат.
Г.А., “КБ”