БАЛА БАКЧА БАШЧЫЛАРЫ СЫНАК МЕНЕН КЫЗМАТКА АЛЫНАТ

  • 02.09.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак өткөрүүдө.

Сынак Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын жана Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 токтомунун негизинде өткөрүлөт. Статистикалык маалыматтар боюнча жалпы республика боюнча учурда 762 бала бакча башчысынын орду бош.

Сынактын биринчи этабында талапкерлердин арыздары жана документтери катталат. Каттоо билим берүү уюмунун аймактык таандыгына ылайык электрондук даректер боюнча кабыл алынууда.

Сынактын экинчи этабын (квалификациялык тестирлөө) өткөрүү мөөнөтү, орду жана тартиби жөнүндө билдирүү талапкерлердин документтерин экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча улуттук борбордун https://ncokoit.kg/ сайтына жарыяланат.

Каалоочулардын эсине сала кетсек, сынак үстүбүздөгү жылдын 29-августунда башталып, 2024-жылдын 11-сентябрында саат 18:00дө аяктайт.

Талапкерлер Улуттук борбордун 0707 490 001; 0503 610 150; 0550 610 150 телефон номурлары аркылуу кошумча маалыматтарды ала алышат.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер