БАЛА АСЫРАП АЛУУНУН БИРДИКТҮҮ БАЗАСЫ ТҮЗҮЛӨТ

  • 31.05.2020
  • 0

Балдарды колдоо жылында ата-эне мээримине муктаж балдарды асырап алуу эрежелери жеңилдетилип, эми бюрократиялык тоскоолдуктарга учурабайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

БАЛА АСЫРАП АЛУУНУН БИРДИКТҮҮ БАЗАСЫ ТҮЗҮЛӨТ

Кыргызстанда буга чейин балдардын бирдиктүү базасы болбогондуктан, бала асырап алуу процесси узакка созулуп келген. Андан тышкары, адамдык факторлор чоң роль ойноп, коррупциялык элементтердин аралашып кеткен учурлары көп кездешчү. Эми бала баккысы келгендер бардык маалыматтарды Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыккан электрондук порталдан ала алышат.

— Мындан ары бала асырап алууну каалагандарга жагымдуу жагдай түзүлүп, алар өздөрү каалаган маалыматтарды интернет сайттан алышат. Ал сайтта ата-энесиз калган бала тууралуу бардык статистикалык маалыматтар камтылат, атап айтканда, баланын жынысы, улуту, жашы сыяктуу маалыматтар ачык жазылат. Электрондук портал Кыргызстандын бардык аймактарында иштейт. Андыктан бала асырап алууну каалаган жарандар министрликтин кызматкерлеринин катышуусу жок эле, тиешелүү маалыматтарды онлайн ала алышат,-дейт министр мырза.

Бала асырап алууну каалоочулардын жолундагы толгон-токой тоскоолдуктар далайлардын каалоосун кайт кылып, ата-эне болуу аруу тилеги ара жолдо калып келгени жашыруун эмес. Ал ортодо “бирөө кечүүгө зар, бирөө ичүүгө зар” дегендей, бир жээкте бала үнүнө зарлаган ата-энелер, экинчи жээкте томсоруп жол караган балдар калып, социалдык чоң көйгөйгө айланып келет.

Эми бала асырап алууну каалаган адам портал аркылуу Эмгек жана социалдык министрлигинин аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрылып, электрондук түрдө уруксат алса болот.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер