БАКЫТ ТЫНАЛИЕВА, ЖАК ТӨРАЙЫМЫ: ““ДИССЕРНЕТТИН” ЧЕЧИМДЕРИНЕ ИШЕНИМ АРТПАЙБЫЗ”

  • 04.10.2018
  • 0

Илимий иштерден плагиат издөө боюнча иш алып барган Россиянын “Диссернет” коомунун эксперти Андрей Заякин жума башында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешке илимий иштерди плагиатка текшерүүдө эскирүү мөөнөтүн алып салуу боюнча кайрылуу жасады. Бул коом 2018-жылдын башынан баштап Кыргызстандагы илимий иштердеги бирөөнүн эмгегин көчүрүп алуу фактыларын аныктоо боюнча иш жүргүзүп баштаган. Натыйжада бир катар кыргызстандык илимпоздордун ишинен уурулук табылды, айрымдарынын иши толугу менен башкалардыкынан көчүрүлгөн деген жыйынтыктар чыгарылып, учурда коомчулукта бул маселе катуу талкууга алынууда. “Диссернеттин” мындай жыйынтыгы канчалык деңгээлде таанылат жана бул маселе боюнча Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясынын көз карашы кандай экендигин билүү максатында комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева менен маектештик.  

БАКЫТ ТЫНАЛИЕВА, ЖАК ТӨРАЙЫМЫ: ““ДИССЕРНЕТТИН” ЧЕЧИМДЕРИНЕ ИШЕНИМ АРТПАЙБЫЗ”    

-Бакыт Карыбековна, “Диссернеттин” кайрылуусу боюнча ЖАКтын көз карашы кандай, алар аныктаган илимий иштердеги уурулукту канчалык деңгээлде кабылдасак болот?

— Биринчиден, ал “Диссернет” — коомдук уюм. Караштырып көрсөк, орустардын Жогорку аттестациялык комиссиясы деле аларды көп теңине албайт, алардын билдирүүлөрүнө жооп беришпейт экен. Анан алар бизге келип алып эле Жогорку Кеңеш мындай кылсын, Өкмөт тигиндей кылсын деп буйрук берип жатышат. Менимче, алардын мындай кылууга укугу жок. Ансыз деле биз Өкмөткө илимий иштердин мөөнөтүн алып салуу боюнча жобонун долбоорун эки жолу сунуш кылганбыз. Бирок бул маселе ачык бойдон калган.  Азыр үчүнчү жолу долбоорду жаздык, учурда министрликтер менен макулдашуулар жүргүзүлүп жатат. Анда дагы мөөнөтүн алып салуу боюнча сунуш киргиздик. Мурда он жыл болчу, кийин үч жыл болуп калган.

Байкап көрсөк, “Диссернеттин” илим таза болсун деген деле максаты көрүнбөйт. Анткени алар жөнөкөй изденүүчүлөрдүн, жөнөкөй окумуштуулардын диссертациясын эмес, жалаң көрүнүктүү адамдардын иштерин текшерип, чукуп чыгып, тополоң кылып жатышат. Ошонусу бизге жакпай жатат. 13 кишинин диссертациясын таблицасынан өйдө чыгарышты. Аларды карап көрсөк, биринчиден, көбү 2008, 2010, 2011-жылдары жактаптыр. Бизде болсо “Антиплагиат” программасы 2012-жылы киргизилген. Ошондон бери ар бир ишти плагиаттыкка текшеребиз. Уурдап алуу деген бир топко азайды. Экинчиден, алар кантип текшерип жатышат деген маселе жатат? Кишинин тагдырын компьютерге чечтирген туура эмес. Анткени компьютер — бул машина. Машина автоматтык түрдө окшош сөздөрдү көчүрмө деп чыгара берет. Анан ошол машина чыгарган жыйынтыкка ишенип диссертацияны четке кагып, такыр эле жокко чыгарып салган туура эмес.

Дагы бир маселе, муну биз илимде уурдалган эмес, пайдаланылган (замиствованный) материал дейбиз. Бизде атайын Плагиат боюнча комиссия бар. Диссертация келгенде ошол комиссияга ар бир сапты текшерип чыккыла деп беребиз. Анткени компьютер өткөрүп жибериши же карабай коюшу мүмкүн. Комиссияда ар бир бөлүмдөн ондон киши отурат. Бул комиссия текшерип чыккандан кийин ишти экспертке өткөрөт. Тийиштүү адистер иштин маанисин карап көрөт. Негизи плагиаттын түрү бар. Мисалы, диссертацияда такыр плагиат чыкпаса, бирок идеяны бирөөнөн уурдап алса, бул да плагиаттыкка жатат. Же болбосо башка материалдарды  көп пайдаланып, бирок идеясы оригиналдуу, ишинде кандайдыр бир жаңычылдык болсо, чындыгында өзү жаңы нерсени изденип чыкса, анын баркы өйдө болот. Ошондуктан биз эч качан машинеге изденүүчүлөрдүн тагдырын салып бербейбиз. Ал эми “Диссернет” коомдук мекемеси өзүнүн ишин аткара берсин, биз ага каршы эмеспиз. Бирок биз аларга башыбызды ийип бербейбиз, алардын чечимдерине ишеним артпайбыз. Бизге дагы “Клооп” деген сайт бир нече жолу маалыматтардын базасын көчүрүп бергиле деп кат жазган. Бирок биз андан баш тартканбыз. Себеби автордук укукту коргошубуз керек. “Диссернет” болсо ушул сайт менен кызматташат.

-Антиплагиат программасы ишке киргизилгенден бери артка кайтарылган иштер болдубу?

— 2012-жылга чейин бир жылда бир же эки эле иш четке кагылчу. Эгерде андай болуп калса укмуш сенсация болуп кетчү. Азыр болсо андай иштердин саны көбөйдү. Программаны ишке киргизгенден бери 24 иш четке кагылды.

— Ишинен уурулук табылды деп кайтарылгандарга кандай чара көрүлөт?

— Артка кайтарылган диссертацияларды кайра жактоого эч качан уруксат берилбейт. Эгерде изденүүчү кайра жактайм десе башка тема, башка жетекчи бекитилип берилет жана кандидаттык илимий даража үчүн үч жылдан кийин, докторлук үчүн беш жылдан кийин чыгууга уруксат берилет.

-Илимий иш жазып жаткан изденүүчү өз ыктыяры менен алдын ала келип ишин плагиатка текшертип алса болобу?

— Албетте, болот. Диссертациялык иш 150-200 беттен турат. Чындыгында, такыр бирөөнүн жазганын колдонбогон диссертация болбойт. Ошондуктан ойлонуштуруп көрүп, атайын жумушчу комиссия түзүп, колдонууга мүмкүн болгон чекти иштеп чыктык. Гуманитардык илимдерге 25%, техникалык, медициналык, биологиялык илимдерге 12% колдонгонго уруксат бердик. Бул биринчиден. Экинчиден, изденүүчүлөргө атайын кызматты колдонууга мүмкүндүк түзүп бердик. Ишинин электрондук түрүн биздин почтага акчасын төлөп туруп салып жиберсе, он күндүн ичинде комиссия карап, анализин чыгарып, кайра почтасына салып жиберет. Бул кызмат болгону 1000 сом турат. Ал анализди карап чыгып, чектен көбүрөк чыгып калса кайра иштеп, кетирген каталарын оңдоп, шилтемеси жок болсо аларды коюп кайра бизге текшертип алса болот. Ушул программа киргизилгенден кийин биздин изденүүчүлөр бир топ жеңилдеп калышты.

-Коомчулукта “Диссернет” кыргызстандык окумуштуулардын ишинен уурулук таап чыккандан кийин ЖАК сайтындагы маалымат базасын жаап салды, демек, чын эле уурулук бар да деген сөздөр чыгып жатат.

-Негизи дүйнө жүзүндө бир да мамлекет маалымат базасын ачыкка чыгарбайт экен. Бизде деле чыгарылчу эмес. Бирок Коопсуздук Кеңеши ачык болгула деп талап койгондон кийин чыгарып калганбыз. Бирок “Диссернеттин” жыйынтыгынан кийин биз чочулап калдык. Себеби автордук укук деген бар. Ошол плагиат чыкты деген киши бизди эмне үчүн ачык койдуңар, силер менин автордук укугумду бузуп жатасыңар деп сотко бериши мүмкүн. Анткени бир да мыйзамда плагияттыкка каршы статья жок экен. Ошол эле учурда автордук укукту коргоо боюнча бар. Ошондуктан жаптык. Экинчи себеби болсо, көрсө, изденүүчүлөр биздин эле диссертациялардан көчүрүп алып жатышыптыр. Ошондуктан азыр бардык жагынан коргоону күчөтүп жатабыз, ал жактан дагы эч ким көчүрүп ала албагыдай кылып туруп, буюрса, ноябрдан баштап кайра ачабыз.

-Сиз жогоруда жобонун долбоору иштелип чыгып, макулдашуу процесси жүрүп жатат дедиңиз. Жаңы жободо кандай өзгөрүүлөр бар?

-Азыр диссертациялык кеңештерде коррупция абдан күчөп жатат деп айтылып жатпайбы. Орчундуу өзгөрүүлөр дал ушул жакка киргизилди. Биринчиден, эмне үчүн диссертациялык кеңештерде коррупция болуп жатат деген суроого жооп берип алсак. Изденүүчү начар болсо, өзүнө-өзү ишенбесе, жактай албай калам деп корксо, анда ал сөзсүз өтүп кетүүнүн башка жолдорун табат. Ал эми изденүүчүнүн иши мыкты болсо, өзүнө ишенсе, анда ал эч нерседен коркпойт, эч кимге барбайт, эч нерсе сунуштабайт. Ошондуктан 2017-жылдагы жобого өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз. Анда чет мамлекеттердеги илимий журналдарга макала жарыяласын деген талап коюлган. Ошондо биз кантип жарыялашат деп коркконбуз. Бирок бул талап өзүн актады. Биздин изденүүчүлөр эч кандай маселеси жок эле импакт-фактору бар журналдарга макалаларын жарыялап жатышат. Демек, биздин изденүүчүлөр дагы дүйнөлүк деңгээлде илимий макала жаза алат экен деген жыйынтык чыгарсак болот.

-Бирок изденүүчүлөр муну ашыкча акча коротуу деп жатышат го?

-Биринчиден, импакт-фактору бар журналдар абдан көп. Аларды көп изденүүчүлөр таба алышпайт, издегенди билишпейт. Ошондуктан биз азыр сайтка Web of Science, Scopus, РИНЦке кайсы журналдар кирерин бүт бойдон коюп койдук. Ал жакта акча төлөп чыгара тургандар да, акысыз чыгара тургандар дагы бар. Ошол жактан тандап алып каалаганына жарыяласа болот. Эгерде бир нерсеге түшүнбөй же кандайдыр бир маселе жаралып жатса бизге деле кайрылышса болот. Экинчиден, жаңы жобого дал ушул макала жарыялоо боюнча өзгөртүү киргизип, Кыргызстандан сырткары мамлекеттен илимий макала чыгарылсын деген талапты алып салдык. Эмне үчүн дегенде, биринчиден,  биздин илимий журналдар дагы өнүксүн, дүйнөлүк деңгээлге чыксын, өзүнүн  импакт-факторун көтөрсүн дедик. Алар көтөрүшсө биздин изденүүчүлөргө дагы жакшы болот. Ошондуктан азыр макала жарыялай ала турган журналдардын тизмесин тактап жатабыз. Учурда абдан жакшы иштеп жаткан он журнал кирди. Кээ бир журналдар англис тилинде чыгып жатат. Мисалы, “Сердце, сосуды и трансплантация” деген журнал англис тилинде чыгып, Scopusко киребиз деп аракет кылып жатышат.

Андан сырткары Диссертациялык кеңештердин курамы боюнча өзгөрүүлөр киргизилди. Мурун курамды 13 киши түзчү. Азыр аны тогуз кишиге чейин кыскартып жатабыз. Себеби көп киши болгон жерде иш жакшы натыйжалуу болбойт экен. Кеңештин теңинен көбү диссертацияны кой, авторефератты окушпайт. Анан коргоп жаткан кишиге түрдүү суроолорду берип туруп алышат. Кеңешке келбей же келсе дагы аягына чейин отурбай чыгып кетишет. Ошондуктан курамды кыскартып жатабыз.

Мурда Диссертациялык кеңеш бир айда бир эле жолу чогулат деген чек бар болчу. Анда бир докторлук же эки кандидаттык иш жакталчу. Ал чекти дагы алып салалык деп чечтик. Бир айда бир жыйын өткөрөбү, бешти өткөрөбү өздөрү чечишсин дедик. Себеби изденүүчү көп болсо, эмне үчүн кезек күтүп калышы керек. Бир, эки жылдап кезек күткөндөр бар.

Азыр ар бир кеңешменин отуруму он-лайн түрүндө интернетке чыгып жатат. Биз ошол жактан эле баарын көзөмөлдөп жатабыз. Эми мурдагыдай илим жактаган киши стеннограммасын жазбайт. Ошол он-лайн берүүдөн эле видеого жаздыртып алып, архивге сактайбыз. Он-лайн трансляция болуп жатканда каалоочулардын баардыгы жактоочуга чат аркылуу суроолорду берсе, пикирлерин айтса болот.

Мурда аттестациялык папкага толтура документ чогултушчу. Анын санын дагы кыскарттык. Эми беш эле документ: арызын, кандидаттык минимумду тапшыргандыгын тастыктаган күбөлүгүн, дипломдорун, диссертациянын өзүн анан авторефератын гана чогултуп, калганын чакан дискке жазып туруп почта менен жиберишет.

Алдын ала жактоонун дагы жүрүшүн өзгөртүп жатабыз. Себеби азыр ал дагы формалдуу эле өтүп калды. Диссертациялык кеңештин мүчөлөрү дагы келишпейт. Алдын ала коргоодо айтылган кемчиликтерди оңдобой, сунуштар киргизилбеген тейинче коргоого чыгарып жибергендер болуп жатат. Ошондуктан талапты күчөтүп жатабыз. Эми айтылган кемчиликтер оңдолмоюнча, алдын ала көрсөтүлмөйүнчө коргоого киргизилбейт.

Диплом, аттестаттарды дагы почта аркылуу эле жөнөтүүгө өттүк. Себеби бул дагы изденүүчүлөрдү чоң чыгымга алып келет экен.

Мурун авторефераттарын почта менен толтура дарекке жиберишчү. Муну дагы алып салдык. Көрсө, бул жактан дагы акча жасап кеткендер бар экен. Изденүүчү почтага барат, ал жактагылар мунун баарын жөнөтүп эмне кыласың, кайра начар пикир келип калса эмне кыласың, андан көрө мынча акча бер, мен жиберди деген мөөр басып берем дейт экен.  Учурда ЖАКта ушуга окшогон бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат. Буюрса, алдыга коюлган максаттар орундалса, кыргыз илими мындан жакшы өнүгөт деген ишенимибиз зор.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер