БАКТЫБЕК МАКСҮТОВДУН ЖАҢЫ ДРАМАЛАР ЖЫЙНАГЫ

  • 12.05.2025
  • 0

Жакында  Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, драматург, публицист Бактыбек Максүтовдун “Чоң казат”, “Улуу Үркүн 1916-жыл”, “Көксулуу менен Жеңижок” деген үч китептен турган драмалар жыйнагы басмадан чыкты.

1.Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосу жөнүндөгү мыйзамын  жана  “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек“ эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын  турмушка ашыруу максатында жана  “Манас” эпосунун 1030 жылдыгына карата  “Чоң казат” драмалар жыйнагына кыргыз элинин баа жеткис мурасы болгон “Манас” эпосунун үчилтигинин негизинде жазылган “Манастын төрөлүшү жана хан шайланышы”, “Чоң казат”, “Каныкейдин тайторуну чабышы”, Айчүрөктүн ак куу болуп учушу”, “Сейтек баатыр” драмалары кирди.

БАКТЫБЕК МАКСҮТОВДУН ЖАҢЫ ДРАМАЛАР ЖЫЙНАГЫ

Бул чыгармалар ааламда теңдешсиз, дүйнөнү дүңгүрөткөн Айкөл бабабыздын жана уулу Семетейдин, небереси Сейтектин эл-жерибизди коргогон баатырлыктарын, укумдан тукумга айтылып келген эрдиктерин жалпы кыргыз журтчулугуна, айрыкча өсүп келе жаткан жаш муундарга, бара бара дүйнө элдерине кеңири тааныштыруу максатында жазылган.

2.Мындан сырткары келерки жылы боло турган Улуу Үркүндүн 110 жылдыгына карата “Улуу Үркүн. 1916-жыл” китебине кыргыз элинин башынан өткөн эң кайгылуу окуя, миңдеген, жүз миңдеген адамдардын өмүрүн кыйган, эркиндик , теңдик үчүн болгон кандуу көтөрүлүш, адам чыдагыс, тирүүнүн азап-тозогу жөнүндөгү окуяларды баяндаган Үркүн жөнүндөгү “Улуу Үркүн 1916-жыл” драмасы кирди.

БАКТЫБЕК МАКСҮТОВДУН ЖАҢЫ ДРАМАЛАР ЖЫЙНАГЫ

“Ормон хан” драмасында ХIХ кылымдын I жарымындагы кыргыз жергесинде болуп өткөн окуялар, Ормон хандын кыргыз мамлекетин түптөөгө болгон аракети, баскынчы Кенесары хандын колун талкалоодогу уюштуруучулук жөндөмү көрсөтүлөт.

Ушул эле китепте көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин өмүр баяны, мамлекеттик ишмердүүлүгү, “Манас” эпосуна байланыштуу аткарган иштери, башынан өткөн окуялары жөнүндө айтылат. Замандаштары И.Раззаков, Ч.Айтматов, С.Ибраимов, маданиятыбыздын белгилүү ишмерлери  жөнүндө маалыматтар бар.

Ошондой эле нечен кылымдан бери айтылып келе жаткан эпостун негизинде жазылган “Эр Төштүк” драмасы кирди.

  1. “Көксулуу менен Жеңижок”деген драмалар жыйнагына ак тандай акын, манасчы, чебер комузчу, обончу, таймашарга теңи жок, атактуу акын Жеңижок (Өтө) Көкө уулунун өмүрү, чыгармачылыгы, өзгөчө акындык касиети, анын башынан өткөн оор турмушу, муң-кайгысы, Көксулуу менен болгон тунук махабаты жөнүндө айтылат.БАКТЫБЕК МАКСҮТОВДУН ЖАҢЫ ДРАМАЛАР ЖЫЙНАГЫ

Ошондой эле бул китепте кыргыздан чыккан  дагы бир белгилүү акын Казыбек казалчынын таалайсыз тагдыры, куугун-сүргүндө жүргөн күндөрү, кылымдардан бери эл оозунда айтылып келген  казалдары жөнүндө айтылат.

Жогоруда аталган  китептер эне-тилибизди өнүктүрүп-өстүрүүдө,  ата-бабаларыбыздан мураска калган улуттук дөөлөттөрүбүздү, рухий мурастарыбызды, кылымдардан бери келе жаткан үрп-адатыбызды, каада-салттарыбызды сактоодо, касиеттүү жерибизди коргоодо, өсүп келе жаткан жаш муундарды адептүүлүккө, патриоттуулукка тарбиялоодо азбы-көппү таасири тиет деген ойдобуз. 

Ошондуктан мектептердин китепканаларында аталган китептерден 2 экземплярдан кем эмес болгону дурус деп эсептейбиз.

“Манас” эпосуна байланыштуу кошумча адабияттар чыгарылбагандыгын эске алып, биздин жасап жаткан аракетибиз жогоруда аталган Президенттин жарлыгын, 2025-жылдын 10-февралында КР Президенти С. Н. Жапаров “Манас” эпосу жөнүндө” КР Мыйзамына  өзгөртүү киргизүү тууралуу кол койгон  мыйзамды турмушка ашырууга шайкеш келер эле.

Китеп фонддун жергиликтүү бийликтин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен толуктаса болот. Ар бир китептин баасы 400 сомдон, бир комплектиси 1200 сом.

Шаарларга, райондун борборлоруна жеткирип бере алабыз. Байланыш телефону 0500 204 742.

 

“Айкөл Манас баяны “ фонду

Бул маанилүү ишке Сиздер тараптан  тийешелүү көңүл бөлүнөт жана колдоо көрсөтүлөт деген терең ишеничтебиз.

  КР Легендарлуу парламентинин депутаты

  КР маданиятына  эмгек сиңирген ишмер Б.Максүтов                                                   

Бөлүшүү

Комментарийлер